Тамактан дымак жаралат
Тамактан дымак жаралат. Жашоо-тирчиликтин багыты олчоосүз озгорүлүүдо. Күндолүк шартка жараша элдер катмарга жиктелүүдо. Бай-жарды, кедей-кембагал, бизнесмен, коммерсант дегендер чыкты. Мурунку айтыла коюучу кызыл кулак, алып са-тарлар, сүткорлор андан беш бетер ашынып, колдон суурулууда. Кымбатчылык. Америкалык доллар которүлдү. Акча арзандады, ушуга карата элдин пейили тарыды. Чет жакалардан келгендер эле эмес, озүнон-озү озүбүздүн азык-түлүктор, товарлар кымбат-тай баштады. Куу турмуштун айынан чоңбу, кичинеби, абийирин, адебин, ыйманын уятын колго кармап калды. Коендой окшош бир-демелерди коюп, эңиштеген эрлер, оңүчүктогон карылар, бешкокүл бийкечтер, болукшуп бойго жеткен улан-жигиттер - таңдан кеч базарда, булуң бурчттарда. Бүгүн зайып затына ото убал. Алар
базарга сүңгүп кирди. Эркектери кылаарга ондүрүшүжок. Үй маа-нектоодо, бала багууда. Пенсиялары, айлыктары, пособиялары тууралуу айтпай эле коелу! Тамак-аш тартыш. Кыргыздарда дандан, эттен жана суттон даярдалган тамак-аш бири-бири менен ич ара жуурулушуп, бир эле дасторкондо булардын аралашмалары берекелерин берип турат. Дыйканчылыктуу аймактар-дан тоолуу аймактарда сүт, эт азык-түлүкторү арбыныраак керектел-ген. Жер шартына карата жашоо-тиричиликтери жүргон. Азыр дан ку-урган, андан талкан, шак, угут тарткан ленде аз. Айрым жерлерде талкан деген эмне? Шак, угут деген эмне? Талкандан ондон ашык даам лайда болоорун билбей, туйбай калган жерлер бар.