Кирүү

"Кыз - конок"

"Кыз - конок". Ал бирөөнүн бүлөсү. Жеринен кыз балага эне-ата, ага-тууган асемдүү мамиле кыла турган. Анын эли-жери болок. Ошол үчүн кийбегенди кийгизет, ичпегенди ичирет. Жоргону айт-тойдо, кочкондо кыз балага мингизет, төркүнү кыз балага ыроолойт. Үлпүлдөтө багылат. Бой тартканы отун-суу алдырбайт, тезек тердирбейт, куурай башын сындырбайт, Жел тийгизбейт. Барган жеринде барктуу-нарктуу болушу үчүн үйдөн узчулукту үйрөтөт, оз себин озу камдайт. Эне таалим-тарбиясында бардык жүрүмдөрү туура жолго багытталат. Анан бойго жеткенде, жуучу тушкондо, же кудалашкан жерине шаан-шокот менен аткарылат. Сыйлап калалы, ыйлап жонотпойлу, кыздын кырк чачы улуу - мына ошондон калган.

Ой-пикирлер