Кирүү

"Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт"

"Койлуу катын куйрук жейт, эрдүү катын таяк жейт". Эски макалдын чоо-жайы мындай - койлуулар куйрук жеши талашсыз дечи. Сөздүн чордону эрдүү катын таякжеште баратат. Албетте, бир үйдө казан-аяк кагышат. Үй ээси эркек болгон соң, ал аялын башкарууга бардыктараптан укугу бар. "Эрди-зайып урушат, эси жогу болушат"

деп да коет. Эрдин таягы аял үчүн эчтеке күнөөгө арзыбайт. Аны катыны көрүлө жүргөн адат катары билүүсү тийиш. Муну жашоо-турмушта кайталана берүүчү, кек сактабоочу, кечиримдүү болууга үндөөчүжөнөкөйжорук-дептүшүнүүлөрүзарыл. Негизи эрди-катын

урушпай, талашып-тартышпай жашоолору баарынан керек. Ынтымак ырыска шерик.

"Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң". Үйүр -жылкылардын өзүнчө тобу. Бир айгырдын ээлик жылкылары. Ошондуктан, бир айгыр үйүр жылкы дейт. Айгыр адашып кетсе, непаада, күнчүлүк жерден агытсаң да, келээри бышык. Мында да адамдардын үй-бүлөөчүлүгү тууралуу сез баратат. Ток этээр жерин айтканда, эрди-аял урушат, талашат, тартышат, таарынышат, ажырашат, кайра табышат. Жашоо-тиричилик калыбына келет. М.а. "ачылгандын айыбы жок, кайра өзүжапкан соң" болот.

"Чала молдо дин бузат". Түшүнүктүү, ар бир ала-теле иштелген иштин сапаты анча жарамдуу болбойт. Үнөмүн бербейт, үзүрүн көрсөтпөйт. Арийне, молдо дин ээси, акылдын көзү, кудай талаанын өкүлү, пайгамбардын элчиси катары эсептелүүчү. Ага анча шек келтирүүгө болбос. Чалакай акыл-ой, жарым-жартылай жасалган буюм-тайым, аракет-алымдын натыйжасы, адамды анча алым сындырбайт. Сез төркүнү ошол тарапты чалып отурат. Иш колунан келбейт. Келчүүлөргө бербейт.

"Бузулган элге бучуктан аким". Аким - бийлик ээси. Элин-жерин адилеттүү башкарууга чама-чаркы келбеген, же калкына каарлуу, ичмекей-жемекей, элин эзип, отоп-бутап жиберүүчү, кексе, өзүмчүл жетекчилер болот. Туура багыт береалбагандыктан эли чачылат. Ич-ара араздашат. Аралары ачылат. "Эшегине карата тушагы". Ынтымак кетет, Ыдырап тентийт-тербийт. Аны башкоштура албаган, бироеге баса караган башкаруучунун бучук болбосо да, бучукка отмо мааниде салыштырып атат.

"Адамдын өзү тойсо да, көзү тойбойт". Адам пенделиктин жолунан тайбайт. Бири-бирин көрүп бирдемелерди жасап жатса, атаандаша калат, ошондой натыйжаларга жеткиси келет. Байлык адамдын аң-сезимин, ой-пикирин эл алдында көрүнөө бузат. Анын артынан томолонуп кетууго даяр. Бир дүүлүгүп кеткен соң, ал кайра тартпайт. Ал адам өзүмчүл болуп, озголордо болбосо, өзүмдө эле болсо-деп калат. Дагы байысам, эл-журттан айырмалансам - мына, көздүн ачкөздүгү. Т.а. адам тамакка тоет, байлыкка, бийликке тойбойт. Ошон үчүн "Карынбай малга, Улукман жашка тойбогон". "Адам топуракка тоет" - деп айтылууда.

"Усталардан дат калат, молдолордон кат калат". Уста-темирчи, кара уста тууралуу сез болуп отурат. (Зергер, жыгаччы, мүйүзчү, таш чегүүчү - булар да устага кирет). Дат - темирге жугуучу, убакыт өткөн сайын темирдин эскилигин билдирүүчү сэры боек сымал лайдасыз неме. Демек, усталардын узанууларында өзүнчө из бар. Кайсы кылымдардагы буюм-тайым экенин ошол дат аркылуу билебиз. Т.а. Ошол чеберден мурас, нуска, улгу, керез, таберик калды -дегенди туюнтат.

Молдо - арабча сабаттуу адам. Ал жаза да, дин китептерин которо да билет. Демек, сез мааниси түшүнүктүү чыгар...

Ой-пикирлер