Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Табылган дүйнө

Ойгоном, чоочуп селт этип.
Көзүм ачсам акырын,
Тулку-бойдон көл-шал агып, тер кетип,
Керебетте жатыпмын.
"О жараткан, көргөндөрүм түш окшойт!"
Ушул бир ой өттү жумшак терметип.
"Чынбы өңүм экени?"
Кармаласам кайра-кайра дубалды,
Өңүм экен!–Колум буга кубанды.
Ошол замат ыргып туруп ордуман,
Барып дароо терезеге жармашам.
Түндөн жаңы суурулуп,
Өзүн мага бергени сунуп келаткан,
Көлкүгөн алтын өңдөнүп,
Көтөрүлүп келатыптыр Күн жерден.
Денемден өтүп нурлары,
Ичимди бүт жарык кылып жиберет.
"Амансыңбы, кагылайын Күн Теңир!
Амансыңбы, жарыктын улуу булагы!
Түндө экөөбүз тең өлүп,
Кайра экөөбүз тең тирилген окшодук,
А сен аны сездиңби?
О, кызылдай асмандын каккан жүрөгү,
Кереметтүү көзү бүткүл дүйнөнүн!
Мага берген Кубанычыңды карачы!
Перзенттери турбайбызбы биз анын
Алтын төшүн ээмп жүрүп чоңойгон!
Эми мына көөдөнүмө ал толуп,
Жанган оттой күүлдөйт!
Турмуш мени жерге таштап ийди эле,
Кайра өзүнүн салды балбан ийнине..."

Токтоналбай тышка чыктым жүгүрүп.
Жерге кулап, жаттым ага жүгүнүп,
Өзүмкүндөй дөмпөйгөн
Маңдайына маңдайымды тийгизип,
Жыттап улам төшүнөн.
"Кандай бакыт,
Жер сен бар!
Анан дагы тирүүлүк!"
Баш көтөрүп карай салсам, алдымда,
Мени тиктеп тургансыйт бир тууганым–
Бала кезде биз аны,
"Төө тикен" же "Чогойно" деп койчубуз.
Кучагыма бекем кысып алам да,
Тикенектүү ээрдине,
Ээрдимди тийгизип,
Искеп кирем кооз гүлдөй теңдешсиз:
"Түндө тиги дүйнөдө
Калсаң эмне кезигип?!
Жатындашсың, экөөбүз бир бүткөнбүз
Жердин кайрат күчүнөн,
Бирдигинен ава, суунун, жарыктын.
Мен да сен да–жердин муун тамыры.
Сенин ушул турганыңды жактырам,
Индиянын жибегиндей шоодурап.

Бир учурда бир канча
Фонтанды көрөм мен сенден,
Шуулдап тынбай атылып,
Өлбөстүгүн дүйнөнүн,
Табийгаттын улуулугун даңктаган.
Сен өзүңчө күзгүсүң,
Жердин шары түгөл турган чагылып!.."

Ал учурда мээлүүн, назик, эрке жел,
Жатты аймалап бетимден,
Сүйгөнүмдүн илебиндей жыргатып.
Ар жагымда чөптөр ага термелип,
Дарактарда жалбырактар шуудурап,
Баары мага салам берип жатышты,
Малынгандай болду жаным жыргалга...

Көчөлөрдө тынбай зуулдап машина,
Өйдө төмөн баскан-турган адамдар.
Бул дүйнөдө кыймыл кандай керемет!
Дөңгөлөктүн, аяктардын кыймылы,
Жүрөктөрдүн кагышы,
Айланышы кандын ар бир денеде,
Же болбосо
ойлордун канат сермеши!..
Адамдарга карайм канбай, суктанып,
Ого бетер денем жибип-эзилип
Канча болсо адам тиги дарагында мезгилдин.
Ошончонун баары–мен:
"Амансыңбы, адамдар,
Амансыңбы, жатындаштар–туугандар!
Кандай бакыт бул дүйнөдө бар болуу,
Силер менен бирге жашап, бир туруу!
Эмне болсо дүйнөдө
Баарын көрүп, бардыгына суктануу!
Же мээрман колун алуу турмуштун,
Минтип өзү турган сага сунулуп
Мындан ары деле менин касым жок,
Бар тек гана жан кыйышпас досторум–
Жер бетинде жашап жаткан адамдар!"

Дүйнөнүн бүт көчөлөрүн кыдырып,
Ушуну айтып, ырдап жүрүп өткүм бар!

Ой-пикирлер