Кирүү

Молдо кылыч шамыркан уулу. буудайык

Мурунку өткөн заманда,
Жан-жаныбар аманда,
Жаныбек аттуу хан болгон,
Ар түлүккө шай болгон.
Ошо хандын тушунда
Кара Төлөк саятчы
Кушка тилмер жан болгон.
Саятчы Төлөк тилмериң
Бир түнү жатып түш көргөн,
Түшүндө жакшы иш көргөн.
Эртең менен болгондо
Энесине сүйлөгөн :
— Түндө жатып түш көрдүм,
Өзүмө жакшы иш көрдүм.
Токойду көздөй барыпмын,
Токойдогу көп кендир
Аны алып келипмин,
Кыз-келинге ийиртип,
Торду түйүп салыпмын.
Көк кендир-жибек тор алып,
Ак көгүчкөн тир алып,
Эркин-эркин-эркин тоо,
Эркин тоонун ар жагы —
Телегейи тегиз тоо,
Тегиз тоонун бер жагы —
Айры белес, ач кайкаң,
Алакандай көк тайпаң
Мына ошого барыпмын.
Чырпыктарды сайыпмын,
Торду жайып салыпмын.
Куш төрөсү Буудайык,
Аны кармап алыпмын.
Абалкандын Жаныбек,
Ага тартуу кылыпмын.
Ат баштаган бир тогуз,
Аны берди бегилик.
Төө баштаган бир тогуз,
Муну берди бегилик.
Кой баштаган бир тогуз,
Дагы берди бегилик.
Уй баштаган бир тогуз,
Аны да берди бегилик.
Сандыргалуу сандыгым
Сары алтынга толтурду,
Санаам менен болтурду.
Көпкөк болгон көмүркөй
Көп күмүшкө толтурду,
Көңүлүм менен болтурду.
Буларды алып жатыпмын,
Бул эмне болучу?
Энеке, бул түшүмдү жоручу.
— Уккамын, балам, карыдан,

Көптү көргөн сарыдан:
Буудайык кармап алганда,
Бу тапка кирбейт дечү эле.
Тапка кирсе, Буудайык
Колго конбойт дечү эле.
Колго консо, Буудайык
Туурга турбайт дечү эле.
Туурга турса, Буудайык
Үндөккө келбейт дечү эле.
Үндөккө келсе, Буудайык
Кармап алган ээсинин
Төш этин оёт дечү эле,
Боор этине тоёт дечү эле.
Кочкул канын агызып,
Көзүнө куят дечү эле.
Табы катуу Буудайык
Анан тапка келет дечү эле,
Койгун, балам, барбагьш,
Азапка мени салбагын. —
Энесинин сөзүнө
Саятчы бала болгон жок,
Асили тилин алган жок.
Кушка тилмер саятчы
Көк жибектен тор алып,
Көк көгүчкөн тир алып,
Эркин-эркин-эркин тоо
Эркин тоонун ар жагы —
Телегейи тегиз тоо,
Тегиз тоонун бер жагы —
Айры белес, ач кайкаң,
Алакандай көк тайпаң,
Көк тайпаңга барганы,
Төлөнү куруп салганы.
Куш төрөсү Буудайык
Кудайдан тилеп калганы.
Нак ошол кез күндөрдө,
Куш төрөсү Буудайык
Тамашага чыгыптыр.
Кабар салып, куштарды
Бирин койбой жыйыптыр.
Он ылаачын, он туйгун —
Он жагында кароолу,
Беш ылаачын, беш туйгун –
Беш жагында кароолу,
Туштап учкан турумтай,

Жандап учкан жагалмай,
Кырдап учкан кыргыйек,
Туу көтөргөн тазкара,
Туу белгиси каркыра.
Эшик ага бүркүтсүң,
Чындап ачууң келгенде,
Жалпы кушту үркүттүң.
Баарьн жьйып алды ошол,
Тамашага чыкты ошол.
Акда жалпаңдап учкан ак сары,
Кудай алган кулаалы,
Көзү кызыл бөктөргү
Булар туруп кеңешет:
Сай жакалай учсакчы,
Сарала моюн соно алып,
Муну тоют кылсакчы.
Көл жакалай учсакчы,
Көк ала моюн соно алып,
Аны тоют кылсакчы.
Кайтып чыгып келсекчи.
— Макул болот, куп болот,
— Баракелде, эп болот, –
Деп убада кылышып,
Көл жакалай учуптур.
Көк моюн соно табалбай,
Жалпаңдап учкан ак сары
Кайрылып өйдө чыгыптыр.
Айры белес, ач кайкаң,
Алакандай көк тайпаң —
Көгүчкөндү көрдү ошол,
Качырып сала берди ошол.
Торго келип чалынып,
Колго түшүп калды ошол.
Жакын жаткан саятчы
Ыргып тура калды ошол"
Келип кармап алды ошол.
Ары имерип караса,
Бери имерип караса,
Чын Буудайык өзү эмес,
Өзү турмак көзү эмес.
“Буудайыктын текөөрү
Темирдей болот дечү эле.
Тепкени өлөт дечү эле;
Канаты кайкы дечү эле,
Жогдору тайкы дечү эле.

Бели мекир дечү эле,
Көзү чекир дечү эле.
Үнү заар дечү эле,
Жүнү чаар дечү эле.
Куйругу кундуз дечү эле,
Чабыты жылдыз дечү эле,
Куйругу кучак дечү эле,
Чалгыны бычак дечү эле.
Бул Буудайык өзү эмес,
Өзү турмак көзү эмес.
Мойнун үзүп алайын,
Жайып койгон торума
Садага кагып салайын”, –
Так ошентип, саятчы
Чыгарып тордон алды ошол.
Мойнун үзүп калды ошол,
Садага кагып салды ошол.
Жасап койгон ноочага
Дагы кирип жатты ошол.
Кудай алган бөктөргү
Сай жакалай учту дейт,
Сарала соно таба албай,
Кайта келе жатты дейт.
Айры белес, ач кайкаң,
Алакандай көк тайпаң
Үстүнөн учуп өттү дейт,
Көгүчкөндү көрдү дейт,
Качырып сала берди дейт.
Кудай алган бөктөргү,
Чалынып жатып калды дейт,
Жакын жаткан саятчы
Ыргып тура калды дейт,
Чыгарып тордон алды дейт.
Ары имерип караса,
Бери имерип караса,
Буудайыктын өзү эмес,
Өзү турмак көзү эмес.
— Кудай алган бөктөргү,
Мойнуңду жулуп алайын,
Жайылып турган торума
Садага кагып салайын. –
Ошенткенде саятчы,
Бөктөргү туруп муну айтат:
— Айланайын, саятчы,
Кагылайын, саятчы.

Мойнумду жулуп нетесиң,
Не муратка жетесиң?
Сенин сураганың эмне?
Сенин тилегениң эмне?
Сенин саптаганың эмне? —
Анда Төлөк муну айтат:
— Менин сураганым — Буудайык.
Менин тилегеним — Буудайык.
Менин самаганым — Буудайык,
Менин саптаганым — Буудайык. –
Бөктөргү анда жалынат:
— Экөөбүз дос бололук,
Кое бергин сен мени.
Мен оңдой оңдой учайын,
Буудайыктын оң колтук
Учуп кирип барайын.
Солдой-солдой учайын,
Буудайыктын сол колтук
Учуп кирип барайын.
Машайыктын жолунан
Абдан жатып тилейин.
Азгырып алын келейин.
Самаганың Буудайык
Ээрчитип келип берейин. —
Саятчы туруп ойлонуп,
Бул сөздү макул көрдү ошол.
"Баргын, жаныбарым" — деп,
Бошотуп кое берди ошол.
Зыпылдап учуп бөктөргү
Буудайыкка барды ошол,
Барып айтып калды ошол:
— Айланайын төрө куш,
Кагылайын төрө куш,
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен туйганды туйдуңбу?
Эркин-эркин-эркин тоо,
Эркин тоонун ар жагы —
Телегейи тегиз тоо,
Тегиз тоонун бер жагы —
Айры белес, ач кайкаң,
Алакандай көк тайпаң.
Мында сарала моюн сагызган,
Сандап бир жаткан көгүчкөн!
Ага учуп барсакчы,
Бирден-бирден алсакчы!

Чала тоют болсокчу,
Анан кайта чыгып келсекчи. –
Куш төрөсү Буудайык
Бул ишти макул көрдү ошол,
“Баракелде эргул!” –деп,
Калдаңдап учуп калды ошол.
Айры белес, ач кайкаң,
Ага жетип келди ошол.
Куш төрөсү Буудайык
Көгүчкөндү көрдү ошол,
Токтонуп тура албастан,
Качырып сала берди ошол.
Көк жибектен торлорун
Көңтөрүп алып кирди ошол.
Ак жибектен торлорун
Аңтарып алып кирди ошол.
Жакыт жаткан саятчы
Барып баса калды ошол,
Чыгарып тордон алды ошол.
Ары имерип караса,
Бери имерип караса,
Чын Буудайык өзү экен,
Өзү турмак көзү экен.
Мунун текөөрү темир турбайбы,
Тепкени өлөт турбайбы.
Үнү заар турбайбы,
Жүнү чаар турбайбы.
Куйругу кундуз турбайбы,
Чабыты жылдыз турбайбы,
Бели мекир турбайбы,
Көзү чекир турбайбы.
Куйругу кучак турбайбы,
Чалгыны бычак турбайбы.
Чын Буудайык өзү экен.
Өзү турмак көзү экен!
Кушка тилмер саятчы
Баабединди көп айтып,
Үйүнө алып келди ошол.
Эл-журтунун баарына
Кабарды катуу берди ошол.
Калың түлөө кылды ошол.
Абалкандын Жаныбек
Ага алып келди ошол,
Ат баштаган бир тогуз,
Аны берди бегилик.

Төө баштаган бир тогуз,
Муну берди бегилик.
Кой баштаган бир тогуз,
Дагы берди бегилик.
Уй баштаган бир тогуз,
Аны берди бегилик
Сандыргалуу сандыгын
Сары алтынга толтурду,
Санаасы менен болтурду.
Көпкөк болгон көмүркөй
Көп күмүшкө толтурду,
Көңүлү менен болтурду.
Абалкандын Жаныбек
Буудайыкты алды ошол.
Куш төрөсү Буудайык
Колго конбой койду ошол,
Колго клонсо, Буудайык
Туурга конбой койду ошол.
Туурга консо, Буудайык
Тапка кирбей койду ошол.
Тапка кирсе, Буудайык
Үндөккө келбей койду ошол.
Анда Абалкандын Жаныбек
Калкына кабар салды ошол,
“Будайыкты ким тапка келтирсе, самаганын беремин”, –деп жар салды.
Анда калың элдин ичинен кунажын куйрук куу кемпир чыгып келип:
— Алдаяр ханым, самаганымды берсеңиз, мен тапка киргизем, – деди хан.
— Самаганыңды айт, беремин —деди хан.
— Менин самаганым ушул: он беш жаштагы балага алып бериңиз, анан айтамын.
Хан кемпирин тилегин орундады, он беш жашар балага никелеп алып берди.
Кемпир сырды чечти: Буудайыкты ким кармаса, ошону сойгузуп, төш этинен ойгузуп, боор этине тойгузуп, канын көзүнө куйса тапка кирет, жайылып чыкканда, көзүнө эмне көрүнсө, ошону алат,– деди.
Аны уккан соң, хан саятчыны чакыртты. Саятчы соерун билип, элин жыйып алып, керээзин айтты:

“Буудайыкты таптоого
Мени хан алпарып сойгондо,
Төш этимен ойгондо,

Боор этиме тойгондо,
Чарайна менен чаптаңар,
Булгаары менен каптаңар
Отуз жолдун оозуна
Оңдоп алып коюңар.
Тогуз жолдун тоомуна
Топтоп алып коюңар.
Бейитимдин үстүнө
Кош көчөттү орнотуп,
Мунар кылып коюңар.
Жалгыз чырпык сайдырып.
Чынар кылып коюңар.
Индистандан куш келсе,
Мунарыма туш келсе,
Куштан зая болду деп,
Дуба кыльш өтөргө,
Дубасы кабыл жетерге.
Меке менен Медина —
Бул экөөөнн куш келсе,
Чынарыма туш келсе,
Бата кылып кетерге,
Батасы кабыл жетерге”.

Саятчы сөзүн бүтүп, ханга барды. Хан саятчыны сойдуруп, Буудайыкка жем кылды.

Кул төрсү Буудайык
Төш этинен ойду ошол,
Боор этине тойду ошол.
Көзүнө канын куйганда,
Тапка келип калды ошол.
Тапка келбес Буудайык
Абалкандын Жаныбек
Алып чыгып салды ошол.
Көсөө куйрук көк даңгыт
Карышкыр алды Буудайык.
Чагарак куйрук, чаар жон
Жолборс алды Буудайык,
Түндө-түндө жүгүргөн
Түлкү алды Буудайык.
Караңгыда жүгүргөн
Карсак алды Буудайык.
Тектирдеги текени
Терип алды Буудайык,
Куюлушта кулжаны

Кууп алды Буудайык,
Эңкейиште эчкини
Эңип алды Буудайык.
Адырдагы аркарды
Аны да алды Буудайык.
Бадалдагы маралды
Барып алды Буудайык.
Арсаң-арсаң жүгүргөн
Аюу алды Буудайык.
Тишин ташка бөлөгөн,
Ырыскы жерден тилеген,
Чөп тамырга тойбогон,
Качырганын койбогон
Каман алды Буудайык.
Абалкандын Жаныбек
Ойго салса, Буудайык
Ойдон неме койбоду.
Тоого салса, Буудайык
Тоодон неме койбоду.
Ал аңгыча болбоду,
Астыңкы жак быткылдан
Алтымыш айры ак бугу
Арбаңдап качып берди ошол.
Абалкандын Жаныбек
Ага шилтеп калды ошол.
Асыл куштун баласы
Ак бугуга карабай,
Асмандап учуп калды ошол.
Караны кара саларбы,
Качырып карап каларбы!
Төрөнү төрө саларбы,
Төмөн карап каларбы!
Анан куш төрөсү Буудайык
Алтындан боосун тытты ошол,
Айга карап сызды ошол.
Күмүштөн боосун тытты ошол,
Күнгө карап сызды ошол,
Көздөн кайым болду ошол,
Салган күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык
Качып кетип калды ошол.
Абалкандын Жаныбек

Аңырып карап калды ошол”
Жанында жигиттерине
Жаныбек туруп кеп айгат:
— Үңкүр ташка барыңар,
Өкүрүп кайтып келиңер.
Чагыр ташка барыңар.
Чакырып кайта келиңер.
Андан арга болбосо,
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы
Тынымсейит баласы,
Кушка тилмер дечү эле,
Ошого кабар айтыңар,
Бачым жетип барыңар,
Буудайыкты издесин,
Издеп барып сурасын.
Таап алып бу келсе,
Ат баштаган бир тогуз,
Аны берем бегилик.
Төө баштаган бир тогуз,
Муну берем бегилик.
Кой баштаган бир тогуз,
Дагы берем бегилик.
Уй баштаган бир тогуз,
Аны да берем бегилик.
Сандыргалуу сандыгын
Сары алтынга толтурам,
Санаасы менен болтурам.
Көпкөк болгон көмүркөй
Көп күмүшкө толтурам,
Көңүлү менен болтурам–
Абалкандын Жаныбек
Бу жардыкты берди ошол,
Жанындагы жигити
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы,
Тынымсейит баласы,
Ага жетип барды ошол,
Баарын айтып калды ошол:
— Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде
Абалкандын колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык
Качып кетип калды ошол.

Сени кушка тилмер дечү эле,
Буудайык таап сен келсең,
Төрт түлүк малдан тогуздан
Чубуртуп санап аласың.
Сары алтын менен күмүштү.
Шалдыратып каласың. —
Саятчынын баласы
Бул жардыкты укту ошол,
Кер ооз атын минди ошол,
Кебез тонун кийди ошол,
Күл азыкты жыйды ошол.
Буудайыктын артынан
Издеп жүрүп калды ошол.
Атынын оозун бошотуп,
Сар талаа ылдый салды ошол.
Талаада аштык айдаган
Дыйкандарга барды ошол:
— Айланайын дыйкандар,
Шамыянын шайлаган,
Шайлап аштык айдаган.
Ак үрөнүн чачтырган,
Жердин жүзүн ачтырган.
Буурусунун буктурган,
Кара жерге суктурган.
Кош өгүзүн байлаган,
Көшүлтүп аштык айдаган.
Күздүн күнү болгондо,
Орогун уста таптаган,
Качыраган ак буудай
Башынан ылдый каптаган.
Топонун тоодой жыйдырган,
Кызылын кырдай үйдүргөн,
Бешилигин аштаган,
Кызылын асмандата таштаган.
Ак улагын бакырткан,
Айылдын кабын чакырткан,
Көк улагын бакырткан,
Көптүн баарын чакырткан,
Айланайын дыйкандар,
Баарың мында турупсуң!
Кечээ күнү кечинде.
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Буудайык качты көрдүңбү?
— Андай неме билбедик,
Сурай бергин, жаш бала,
Буудайыкты көрбөдүк.–
Ардан ары чапты ошол,
Жыйналышып отурган
Калың кушка барды ошол,
Барып сурап калды ошол:
— Котурепей коңкулдак,
Кой кайтарган тоңкулдак,
Ала тамак чыйпылдак,
Ала карга азанчы,
Кара карга казанчы,
Сагызган элдин жокчусу,
Коң карга элдин бокчусу,
Баарың мында турупсуң.
Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык
Качып кетти көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
— Андай неме билбедик,
Сурай бергин, жаш бала,
Буудайыкты көрбөдүк. —
Андан ары барды ошол.
Чогулушуп отурган
Чымындарды көрдү ошол.
Алардан сурап калды ошол:
—Кара чымын бир өзүң,
Кашка чымын жолдошуң,
Узун тумшук чиркейсиң
Ачык күндү бүркөйсүң;
Узун сары машасың,
Жазынкысын болгондо,
Аштыкчынын такымын
Алдастатып ашайсың;
Көгөн деген бийиң бар,
Көк камыштан үйүң бар.
Баарың мында турупсуң.
Кечээ күнү кечинде,
Кечки намаз бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Буудайык качты, көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
— Андай неме билбедик,
Буудайыкты көрбөдүк,
Сурай да берчи, жаш бала.–
Андан ары желди ошол,
Сагызганга келди ошол.
Кушка тилмер жаш бала
Сурап жатып калды ошол:
Ойдо жоор көрүнсө,
Ойдолотуп кубасың,
Алып келип жыгасың.
Оң көзүнөн оёсуң,
Сол көзүнө тоёсуң.
Кырда жоор көрүнсө,
Кыйкаңдатып кубасың,
Кыйрайтып барып жыгасың.
Оң көзүнөн олуйсуң,
Сол көзүнөн чокуйсуң.
Арт жагыңды карасам,
Келеңкер чачпак салгандай,
Бут жагыңды карасам,
Соору өтүк кийгендей,
Сагызгандай баатыр куш,
Сен да мында турасың.
Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык,
Буудайык качты көрдүңбү,
Же кабарын билдиңби?
–Андай неме көрбөдүк,
Андай неме билбедик,
Сурай бергин карагым. —
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы,
Тынымсейит баласы
Ары карай барган соң,
Чакчыгайды тапкан соң:
— Жаз болгондо жан бүткөн
Тилин баарын туурайсың,
Кыш болгондо сен байкуш
Жер түбүндө куурайсың.
Чакчыгайдай чечен куш,
Сен да мында турупсуң.

Кечээ күнү кечинде,
Кечки намаз бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык
Качып кетти көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
– Андай неме билбедим,
Буудайыкты көрбөдүм,
Издей бергин, жаш бала. —
Кер ооз атты теминип,
Илгери карай демигип,
Калың кушка учурап,
Алардан да сурады:
— Жандап учкан жагалмай,
Туштап учкан турумтай,
Кырдап учкан кыргыйек,
Он ылаачын, он туйгун —
Баарың мында турасың.
Беш ылаачын, беш туйгун —
Бешөөң мында турасың.
Туу көтөргөн таз кара,
Туунун беги каркыра,
Эшик ага бүркүтсүң,
Чындап ачууң келгенде,
Жамы кушту үркүтчүүм —
Баарың мында турасың.
Кечээ күнү кечиде,
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Буудайык качты көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
Анда туруп калың куш:
— Андай неме көрбөдүк,
Андай неме билбедик,
Издей бергин, жаш бала. –
Деген сөздү айтышты.
Андан ары желди ошол,
Үпүптөргө келди ошол.
— Жазгы чыккан үпүпсүң,
Сайрап турган күкүксүң,
Агайындуу жан элең,
Экөөң мында турупсуң.
Боолуу кушту качырып,

Издеп жүрөм жапырып,
Андай неме билдиңби?
— Андай неме билбедик,
Сурай бергин, жаш бала. —
Ары карай жүргөн соң,
Каршы алдына кез келди
Чегиртке менен көпөлөк.
— Жазгы чыккан эбелек,
Миң бир түрлүү көпөлөк,
Шиш Төбөнүн арпасын
Терип жедиң, чегирке.
Кош-Төбөнүн буудайын
Койбой жедиң, чегиртке.
Чегиртке сенде арзым бар,
Чейрек арпа карзым бар –
Экөөң мында турасың.
Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Будайык,
Буудайык качты, көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
— Андай неме бидбедик.
Сурай да бергин, жаш бала. —
Саятчынын баласы
Сан бөлүнүп санаасы,
Андан ары жүрдү ошол.
Канаттуудан учкулга,
Кара канат кузгунга,
Кузгундарга келди ошол:
– Бөрү көрсө, дос болгон,
Мөөнүн берсе, кош болгон,
Карсак көрсө, дос болгон,
Кардын берсе, кош болгон
Сен кузгунсуң, кузгунсуң,
Жамы куштан учкулсуң,
Сен да мында турасың.
Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде,
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Буудайык качты, көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
– Андай неме билбедим,
Сурай бергин, жаш бала,
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын баласы
Аты болду ыргайдай,
Бити болду торгойдой.
Ары карай жүргөн соң,
Жар боорунда жарганат,
Жарганатка кез келди.
Мына ошондон сурады:
— Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде,
Жаныбектин колунан,
Машайыктын жолунан
Куш төрөсү Буудайык,
Буудайык качты, көрдүңбү?
Андай неме билдиңби?
Андай неме туйдуңбу?
Жар боорунда жарганат
Жаны калбай карганат:
— Буудайыкты көрбөдүм,
Качкан кушту билбедим,
Менин күндүз көзүм көрчү эмес,
Түн ичинде көрчү эле.
Тилимди алсаң, жаш бала,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланып учайын,
Мединанын беш бурчун
Беш айланып учайын,
Көрүнсө, айтып келейин,
Көрүнбөсө, кайтып келейин.
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы,
Тынымсейит баласы,
Ушу жерге сен жаткын.–
Бу сөздү айтып жарганат,
Издеп учуп жөнөдү.
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланып учту эми.
Учуп жүрүп жарганат
Буудайыкты тапты эми:
Кара тоонун боорунда,
Кара үңкүрдүн ичинде,
Буудайык жатат булайып,
Саңоор жүнү кылайып.
Жарганат көрүп алды ошол,

Кайта жолго салды ошол,
Салып жетип келди ошол,
Балага келип айтты ошол:
— Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы,
Тынымсейит баласы,
О, сүйүнчү, сүйүнчү!
Айткан сөзүм туюнчу!
Кара тоонун боорунда,
Кара үңкүрдүн ичинде,
Буудайык жатат булайып. –
Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы,
Тынымсейит баласы
Алла деп атка минди ошол,
Кара тоо көздөй жүрдү ошол.
Кара үңкүрдө Буудайык,
Салып жетип барды ошол,
Барып кармап алды ошол,
Үйүнө алып келди ошол,
Калың түлөө кылды ошол,
Калкына мыктап берди ошол.
Абалкандын Жаныбек
Буудайык кармап келди деп,
Кулагына түштү ошол.
Абалкандын Жаныбек
Барып алып келгин деп,
Эки бирдей ак таяк
"Бар!" деп жумшап ийди ошол.
Алар барып, айтты ошол:
— Жылкы ичинде аласы,
Саятчынын жалгызы
Тынымсейит баласы,
Сен Буудайык кармап келипсиң.
Абалкандын Жаныбек
Буудайык алып келсин дейт,
Биз экөөбүздү буюрду.
Ат баштаган бир тогуз
Муну берет бегилик.
Төө баштаган бир тогуз
Муну берет бегилик,
Кой баштаган бир тогуз
Муну берет бегилик.
Уй баштаган бир тогуз
Муну берет бегилик.

Сандыргалуу сандыгын
Сары алтынга толтурат,
Санааң менен болтурат.
Көпкөк болгон көмүркөй
Көп алтынга толтурат,
Көңүлүң менен болтурат, —
Алар барып айткан соң,
Саятчынын баласы
Куш төрөсү Буудайык
Алып жүрүп калды ошол.
Абалкандын Жаныбек
Ат баштаган бир тогуз
Аны берди бегилик.
Төө баштаган бир тогуз,
Дагы берди бегилик,
Кой баштаган бир тогуз,
Муну берди бегилик.
Уй баштаган бир тогуз,
Аны да берди бегилик.
Сандыргалуу сандыгын
Сары алтынга толтурду,
Санаасы менен болтурду.
Көпкөк болгон көмүркөй
Көп күмүшкө толтурду,
Көңүлү менен болтурду.
Буудайык алып колуна,
Хан көңүлү жайланды.
Бу куш төрөсү Буудайык
Жапан болуп калыптыр.
Тапка келсе, Буудайык
Колго конбой коюптур.
Колго консо, Буудайык
Туурга конбой коюптур.
Туурга консо, Буудайык
Үндөккө келбей коюптур,
Абалкакдын Жаныбек
Айласы жаман кеткен соң,
Саятчынын баласын
Атасынча сойгузду.
Төш этинен ойгузду,
Боор этине тойгузду.
Көзүнө канын куйгузду,
Калган сөөгүн жыйгызды,
Чарайна менен чаптады,
Булгаары менен каптады,

Атасы менен баласын
Отуз жолдун оозуна —
Оңдоп алып койгузду.
Тогуз жолдун тоомуна —
Топтоп алып койгузду.
Бейитинин үстүнө
Кош жыгачты сайгызып,
Мунар кылып койгузду.
Жалгыз чырпык сайгызып,
Чынар кылып койгузду.
Индистандан куш келсе,
Мунарына туш келсе,
Куштан зая болду деп,
Дуба кылып өтсүн деп,
Дубасы кабыл жетсин деп.
Меке менен Медина —
Бул экөөнөн куш келсе,
Чынарына туш келсе,
Бата кылып өтсүн деп,
Батасы кабыл жетсин деп.
Мунун барын бүткөндө,
Тапка келбес Буудайык
Тапка келип калды ошол.
Абалкандын Жаныбек
Алып чыгып салды ошол.
Тектирдрги текени
Терип алды Буудайык.
Куюлушта кулжаны
Кууп алды Буудайык.
Эңкейиште эчкини
Эңип алды Буудайык.
Чагарак куйрук, чаар жон
Жолборс алды Буудайык
Көсөө куйрук көк даңгыт
Бөрүнү алды Буудайык.
Түндө-түндө жүгүргөн
Түлкүнү алды Буудайык.
Караңгыда жүгүргөн
Карсак алды Буудайык.
Тишин ташка бүлөгөн,
Ырысын жерден тилеген,
Качырганын кайсаган
Каман алды Буудайык.
Арсаң арсаң жүгүргөн
Аюу алды Буудайык.

Адырдагы аркарды
Аны да алды Буудайык.
Бадалдагы мадылды
Барып алды Буудайык.
Будурдагы бугуну
Муну да алды Буудайык.
Ойго салды, Буудайык
Ойдон неме койбоду
Тоого салды, Буудайык
Тоодон неме койбоду.
Ал аңгыча болбоду,
Астыңкы жак быткылдан
Алтымыш айры ак бугу
Арбаңдап кача бергени.
Абалкандын Жаныбек
Ага шилтеп калганы.
Ак бугуга карабай,
Асыл куштун баласы
Асмандап сызып калганы.
Караны кара саларбы,
Качырып карап каларбы!
Төрөнү төрө саларбы,
Төмөн карап каларбы!
Анан куш төрөсү Буудайык
Алтындан боосун тытты ошол,
Айды карап сызды ошол.
Күмүштөн боосун тытты ошол,
Күндү көздөй сызды ошол.
Абалкандын Жаныбек
Ак бугуга салам деп,
Асыл куштун баласы
Буудайыкты качырып,
Муңканьш карап калды ошол.

Ой-пикирлер