Кирүү

Шекер кыз менен Жеңижоктун айтышы

Таласта Кара-Бууранын оозунда Акназар деген бай чоң той берет. Бул тойго Аксыдан Жеңижок, Нурмолдо, Ныязаалы комузчу да кошо барышат. Той ээлери Шекер деген акын кызды Олуя-Атанын Дунган жеринен алдырып, Жеңижокко айтышка салышат.

ШЕКЕР КЫЗ:
Аманбы, акын, Жеңижок,
Акын кыз сенден кеми жок.
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтышаарга теңи жок.
Кызып ырдап келгенде,
Кызыл тил кетет какылдап.
Кыйынсынган сендейдин,
Кыйласын жеңгем такымдап.
Эсенби, акын Жеңижок,
Шекердин сенден кеми жок,
Элден тентип кетипсиң,
Эс, акылың деги жок.
Эр өлтүргөн эмедей,
Эл таштап качтың Аксыга,
Сени ээрчитип барса болот бакшыга!.
Кун төлөгөн кишидей,
Куюгуп качтың Аксыга,
Сени кубалап барса болот бакшыга!..
Ташкара болуш тойунда,
Жарчы болду деп уктум.
Аңгемени ар элде,
Салчы болду деп уктум.
Эсенаман, Майкөттү,
Экөөбүн катар куруттуң.
Каяша кылган акынды,
Катары менен улуттуң!..
Айтышсам деп жүрчү элем,
Атагың жакшы билчү элем.
Акназар байдын тоюна,
Алып келишти жолуктум!
Санаттан айтаар сан ырчы,
Жөн ырдан айтаар ар ырчы,
Табышмак айтаар чоң ырчы,
Такалбай табаар зор ырчы.
Табышмагым таппаса,
Түбүндө барып кор ырчы!
Табышмагың чечерсиң,
Табышмагым чечпесең,
Какшаган менен бекерсиң.
Көргүлүгүң көрөрсүң,
Ныязаалы экөөң,
Аксыга иттей болуп жөнөөрсүң?!..

Үйүнөн өлүк чыкпаган,
Ааламда бүтүн бар бекен?
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Куудан бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн бар бекен?
Өөгү бар, жалы жок,
Экөө чыкты, ким экен?
Желмаяндай жүгүрүп,
Желип чыккан ким экен?
Шамалынан бейиштин,
учуп чыккан ким экен?
Саясынан бейиштин,
Үркүп чыккан ким экен?
Көк өрдөк учуп өтпөгөн,
Көлдүн пири ким экен?
Көк жакалай куш салган,
Эрдин пири ким экен?
Ыркырап ээсин каппаган,
Иттин пири ким экен?
Айланып үйдөн чыкпаган,
Аттын пири ким экен?
Сопу, кожо койлорун,
Союш кылган ким экен?
Тебетейди жоготуп,
Топу кылган ким экен?
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Эр Назарбек чаппаган,
Элде бүтүн бар бекен?
Айыш менен Бүйүшкө,
Ырчы өткөн ким экен?
Айбанаттын баарына,
Сынчы өткөн ким экен?
Паренде менен Чаренде,
Таятасы ким экен?
Таянеси ким экен?
Таап берчи, Жеңижок,
Таба албасаң, эбиң жок?!

деп табышмак салат экен айтышка түшкөн Жеңижокко. Ошондо Жеңижоктун Шекер кызга жооп берип турган жери:

ЖЕҢИЖОК:
Беш уруу Солду унутуп,
Кайда кетти Жеңижок?
Барган киши келбеген,
Жайга кетти Жеңижок.
Конгон чымын учпаган,
Майга кетти Жеңижок?..
Алты уруу Солду унутуп,
Кайда кетти Жеңижок?
Сары алтын Аксы аталган,
Жайга кетти Жеңижок.
Айтышка түшкөн Шекер кыз,
Ашыкканың бекер кыз!
Айтканыңдын эби жок,
Жеңижоктун айтыша турган теңи жок!.
Тулпар минип туу баштап,
Туулган жерим Таласта.
Туз насибим бар экен,
Турук кылдым Аксыга!..
Бакшыга барсаң сен баргын,
Мен бакшыга баргыдай,
Төрөйт белем, Шекер кыз?
Ак бешикке ардактап,
Белөйт белем, Шекер кыз?
Сени бакшыга барсаң албаган,
Сенин барбаган жериң калбаган!..
Бүбүгө барсаң сен баргын,
Мен бүбүгө баргандай,
Төрөйт белем, Шекер кыз?
Эркектерди бүбүңүз,
Өөнөйт бекен, Шекер кыз?
Сени бүбүгө барсаң албаган,
Сенин бүтүн да жериң калбаган!..
Эми, табышмагың чечейин,
Жообун бере кетейин:
Үйүнөн өлүк чыкпаган,
Ааламда бүтүн бир кудай.
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Куйругу бүтүн куркулдай!
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канаттуу түшпөс астына,
Канатта бүтүн карчыга!..
Өөгү бар, жалы жок,
Экөө чыкты дегенин,
Кош өгүз бакыр эмеспи!
Желмаяндай жүгүрүп,
Желип чыкты дегениң,
Төө бакыр эмеспи!..
Саясынан бейиштин,
Учуп чыкты дегениң,
Карчыга, кыйгыр эмеспи!..
Шамалынан бейиштин,
Үркүп чыкты дегениң,
Азиретаалы пайгамбар,
Минген дулдул эмеспи!..
Көк өрдөк сүзүп өтпөгөн,
Көлдун пири эр Үпүм.
Көл жакалай куш салган,
Эрдин пирин сурасаң,
Азирет Султан Арипим!
Ыркырап ээсин каппаган,
Иттин пири Мыркытыр!
Айланып үйдөн чыкпаган,
Аттын пирин сурасаң,
Азирети Камбар Аския!..
Сопу, кожо койлорун,
Союш кылган Шайдылда.
Тебетейди жоготуп,
Топу кылган Шайдылда.
Бозокорду жоготуп,
Сопу кылган Шайдылда!.
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн Индустан.
Эрназар бек чаппаган,
Элде бүтүн Түркстан.
Айыш менен Бүйүшкө,
Ырчы өткөн Токторбай.
Айбанаттын баарына,
Сынчы өткөн Толубай!
Паренде менен Чаренде,
Таятасы Тартар куш
Таянеси бөдөнө
Дагы барбы, Шекер кыз?
Табышмагың таптымбы,
Өзүң иттей болуп калдыңбы?!.
Эми акылдаба, Шекер кыз,
Адашкан жериң айтарсың,
Адашкан жериң айтпасаң,
Артыңа карап кайтарсың.
Адашкан жериң айтпасаң,
Көтөрүлбө Шекер кыз,
Көргөн сырың айтарсың.
Көргөн сырың айтпасаң,
Көтөрүлбөй кайтарсың.
Көргөн сырың айтпасаң,
Жакшы болсоң Шекер кыз,
Калкыңдан бирөө албаптыр,
Сенин эч кадырың калбаптыр!
Ээликпегин Шекер кыз,
Элиңден бирөө албаптыр,
Сенин эч тамтыгың калбаптыр!
Топко чыгып шанкылдайт,
Бу карабет кимдин жесири?
Мунун калкка тиет кесири?
Бу эри жок кимдин жесири?
Мунун элге тиет кесири!

деп Жеңижок акын улантып ырдай бергенде, эшиктен эки жигит кирип келип, Шекер кыздын колунан жетелеп эшикке чыгып кетишкен экен.

Ой-пикирлер