Кирүү

Тоголок Молдо. Гүл ойрон

Дөөлөс уруусунан Ысык-Көлдө XIX кылымдын орто ченинде Арпа деген жигит төмөнкү таптан болуп, 30 жаш чамасында ажалынан өлүп, 3 баласы жетим калат. Зайыбы Чыны деген аял эң кошокчу чыгып, "Гүл ойрон" деген сөздү бул баштап айтып, бир айтканын экинчи бир кайталап айтпайт.

Асылым Арпа гүл ойрон,
Кандай жорук баштадың?
Катын менен балаңды
Карап түндө таштадың.
Жашында өлгөн оңорбу?
Жаш кезинде тул калган
Мендей бейбак болорбу?
Кара бет атка конорбу?
Кызылды кийген оңорбу?
Кыш чилдеде тоңорбу?
Келининде кесилип,
Кара бет атка конорбу?
Бир төшөктө эки баш,
Үч балаң калды жетим жаш.
Эки башты айырган
Эгем таала боору таш.
Арпа ичинде бир буудай
Такта буудай дечү элем.
Эл ичинде арпамды
Сакта кудай дечү элем.
Жайкалып чыккан буудайды
Такта буудай дечү элем,
Жаш гүл ойрон Арпамды
Сакта кудай дечү элем.
Ыргалып чыккан буудайым,
Ырайым кылбай кудайым,
Асылым арпа гүл ойрон,
Айрылдым сенден, жубайым.
Жайкалып чыккан буудайым,
Жардам кылбай кудайым,
Жаш кезинде айрылдым,
Асылым арпа жубайым.
Ээр-Таштын Ача-Бел
Эңкейте жылкы кууганым,
Эсил арпа бууданым.
Тай экенден тамгашым,
Козу экенден эндешим
Кокуй ойрон күлүстөн,
Комутта калдым, теңдешим.
Эшигимдин алдына
Эмилден кишен салдырдым.
Эли-журтум ичинде
Арпа ойронумду алдырдым.
Босогоңдун алдына
Болоттон кишен салдырдым.
Жайдарым Арпа гүл ойрон,
Жалаңгычка алдырдым.
Асылым Арпа ойронум,
Айлыма болот коргонум.
Жылас болуп гүл ойрон,
Жыйырма беш жашта сойлодуң.
Кара тоону этектеп,
Арпа ойрон,
Карчыга салып кеткенби?
Карчыгасын качырып,
Казакка суроо кеткенби?
Кызыл тоону этектеп,
Арпа гүл ойрон,
Кыргыек салып кеткенби?
Кыргыегин качырып,
Кытайга элчи кеткенби?
Казактан ойрон келген жок,
Кайрылып үйүн көргөн жок.
Кайран арпа ойронду
Какшасам кудай берген жок.
Кытайдан Арпа келген жок,
Кылчайып үйүн көргөн жок.
Тилегеним Арпа эле,
Тилекти кудай берген жок.
Желеде калды тайларың,
Жетим калды балдарың.
Чыркырап калды балдарың.
Аз атанын уулунан
Азып туулган жан элең.
Асылым менин өзүмө
Алтындай баркың бар элең.
Асылым арпа гүл ойрон,–
Аз гана урук дөөлөстөн.
Кейиш тартып, кор болуп,
Кемибеген дөөлөттөн.
Асылым Арпа гүл ойрон,
Алкынтып миндиң буудандан.
Аз атанын уулу деп,
Азар тарткан туугандан.
Булкунтуп минген буудандан,
Муңканып өткөн туугандан.
Арпа берип, жем жебей,
Арык болду бууданың,–
Анжыянда көп экен
Сандаган дөөлөс тууганың.
Буудай берип жем жебей,
Муунсуз болду бууданың.
Букара болуп жүргөнүң,–
Анжыянда бар экен
Жалпы дөөлөс тууганың.
Тууганына кете албай,
Туз таткан жерден өтө албай,
Багынып жүрүп жок болдуң
Баралыңа жете албай.
Алтындан топчу бүчүмдө,
Аян көрбөй түшүндө,
Асылым Арпа гүл ойрон,
Арманың кетти ичиңде.
Күмүштөн топчу бүчүмдө,
Көрбөй калдым түшүмдө.
Гүл ойрон, сенден айрылып.
Күйүтүм калды ичимде.
Асылым Арпа гүл ойрон,
Кара чачым жайдырдың,
Калдайтып кара салдырдың.
Калк ичинде мен шордуу
Кайран Арпа ойронду
Кабыланга чалдырдым
Жашыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл ойрон?
Жаш алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл ойрон?
Кызыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл ойрон?
Кыз алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл ойрон?
Жергеңден келген жети каз,
Жетөөн коюп бирөөн ат.
Жети эшиктүү бейиштин
Эшигин ачып, төрүн бас.
Аркадан келген алты каз,
Алтоон коюп, бирөөн ат.
Алты атаң өткөн кыямат
Ага барып салам айт.
Алты атаң өткөн кыямат,
Алты эшиктүү бейиштин,
Гүл ойрон, эшигин ачып, төрүн бас.
Аркадан келген алты каз,
Алтоон коюп, бирөөн ат.
Алты атаң өткөн кыямат
Ага барып салам айт.
Алты атаң өткөн кыямат,
Алты эшиктүү бейиштин,
Гүл ойрон, эшигин ачып, төрүн бас.
Күлүстөн мырза гүл ойрон
Күлүп кетти бейишке.
Күйүтүң тартып мен бейбак
Күйүп калдым кейишке.
Асылым Арпа гүл ойрон,
Аттанып кеттиң бейишке.
Азабың тартып зар ыйлап,
Аркаңда калдым кейишке.
Гүл ойрон,
Кушун илгир баккандан,
Күлүп кетти бейишке.
Кудайга иши жаккандан.
Гүл бейиштен жай алды
Гүлжигит акыл тапкандан.
Аркаңда калып, кор болдум
Азабым аштай каткандан.
Күлүгүңдү күз чаппай,
Күлкүңүздү биз таппай,
Аргымагың жаз чаппай,
Акылыңды мен таппай.
Гүл ойрон
Сымбаттуу келген сен өзүң,
Айтамын калган ак сөзүң.
Акырет кеткен сен өзүң,
Арманда калган мен өзүм.
Арпа гүл ойрондун кошокчу аялы Чыныны көч үстүндө Бугунун чоңдору Мураталы, Боромбай ээрчип, кошок угуп, жол бербейт. Ошондогу айткан кошогу:

Бурмалуу саадак, бугу шым
Гүл ойрон,
Бугунун уулу болбодуң,
Анан кийин өлбөдүң.
Саймалуу саадак, сары шым
Гүл ойрон,
Сарбагыш уулу болбодуң,
Анан кийин өлбөдүң.
Зыйнатыңда отуруп,
Сыпатың айтып көрбөдүм.
Муратаалы, Боромбай –
Бугудан чыккан "оену".
Бул жорукту коелу,
Журтка барып конолу.
Тоспоңор менин жолумдан,
Кармабагын колумдан.
Гүл ойрондун өлгөнү –
А дагы менин шорумдан.
Кошок уксаң, конуп ук,
Конгон жерде келип ук!
Айылың жакын жайлап ук,
Көчкөндө төөм айдап ук!
Өрүүмдө бээм байлап ук,
Арманың калбай шайлап ук!
Ошол көч үстүндө: "Муратаалы, Боромбайларга күйөөңдү макта" деп, кимдир бирөө шбырайт. Анда Чыны кошокчу айтат:
Кызыл макмал топтоймун,
Кымбатым Арпа ойронду
Кылганын айтып жоктоймун.
Кара макмал топтоймун,
Казанат Арпа ойронду
Кадырын айтып жоктоймун.
Киш ичикти кийбеймин,
Киши айткан тилге кирбеймин.
Оруну жок сөз айтып,
Мактаганды билбеймин.
Гүл ойрон өзү – букара,
Коркуп жүргөн манаптан.
Каяша сөз айта албай,
Качып жүргөн тараптан.
Айтуучуга ат берип,
Айттырбаймын жөнөкөй.
Ашыкпастан, шашпастан,
Айтып өткүн көмөкөй!
Кошуучуга кой берип,
Коштурбаймын жөнөкөй.
Кошомат эмес, чын жерден
Кошуп өткүн, көмөкөй!
Үй үстүнө жоо келсе,
Корккон эмес гүл ойрон.
Үйдөн алыс аттанып,
Жорткон эмес гүл ойрон.
Ашкан алыс сапарга
Барган эмес гүл ойрон.
Аттанып чалгын алыстан
Чалган эмес гүл ойрон.
Айдап жылкы алдына
Салган эмес гүл ойрон.
Көп аттанса, катардан
Калган эмес гүл ойрон.
Айтып айтпай пайда жок,
Кеткен жан кайтып келеби?
Кемиткен кудай береби
Өлгөн жан кайтып келеби?
Өксүткөн кудай береби?
Аман болсун балдарың,
Артында туяк–калганың.
Билбей калган жан барбы
Дүнүйөнүн жалганын?

Ой-пикирлер