Жусуп Баласагын. Дарыгерлерге карата мамиле
Адамдын түрлөрү бар, дагы канча,
Иштери, мансабы да башка-башка!
Таанып ал арасынан дарыгерди,
Айыктырат кеселден алар элди.
Ойлосоң булар сага керектүүлөр,
Буларсыз жолуң болбойт басып жүрөр.
Сопсоо туруп кээде адам ооруп калат,
А дарыгер кеселге дабаа табат.
Оору жолдош өлүмгө, жолун туткан,
Өлүм болсо- өмүргө чексиз душман.
Дарыгерди сыйлагын, достошо жүр,
Элге керек, айтканын аткара бил.
- Алыкул Осмонов. ФЗОдогу иниме
- Тоголок Молдо. Талым кыз менен Көбөктүн айтышканы
- Какен Алмазбеков. сүйгөн кесибим
- Мидин алыбаев. токтоболот абдумомуновго
- Токтосун Самудинов. Жаңылуу
Ой-пикирлер