Кирүү

Бизден мурда өткөндөр

Ак калпак кыргыз көп мактайт,
Арыстанбекти акын деп.
Айтканынын баарысы,
Уккан элге акыл деп.
Оозун ачкан далай жан,
Ушунуку макул деп.
Уккан сөзгө карасак
Улуу куш болуп туулган.
Улаштырып сүйлөсө,
Оозунан шекер чуурган.
Казак менен кыргызга,
Кабары бүтүн угулган.
Сүйкүмдүү жакшы жан экен,
Сөзгө чебер туулган.
Өткөн менен кеткендин,
Жайын айтып ырдаган.
Келечекти көбүнчө
Дайын айтып ырдаган.
Айткан сөзү жагымдуу,
Айкын–ачык ырдаган.
Кийинкиге калгандай,
Тарых айтып ырдаган
Ак каранын баарысын,
Таанып айтып ырдаган.
Атка минсе шаңданган,
Уккан адам таң калган.
Ажал чиркин өлүмгө,
Ошолор дагы кармалган.
Китеп калбай артында,
Кетти дүйнө жалгандан.
Арыстанбектин кеби деп,
Айтып жүрөт калган жан.
Ак комузун кайраган,
Булбул куш болуп сайраган.
Казак менен кыргыздын,
Акынынан тайбаган.
Өзү жука кызылдуу,
Өрттөй көзү жайнаган.
Айта берсе ар жактан,
Асыл кеби кайнаган.
Ага окшогон булбулдун,
Ажал тилин байлаган.
Келер болсо Арстанбек,
Келбейт беле Кайрадан.

Калк ичинде Калмырза,
Кара жаак ырчы экен.
Айтымына карасак,
Ак болоттой курч экен.
Көп жыйындын алдында,
Күкүктөй сайрап турчу экен.
Ак калпак элдин ичине,
Абыдан кызмат кылчу экен.
Ак боз ат минип шаркылдап,
Ак кымкап кийип жаркылдап,
Кызыганда кетчү экен
Кызыл тили балкылдап.
Топ жыйындын ичинде,
Торгойдой үнү шаңкылдап,
Эрди түйрүк, кара сур,
Үнү бийик заңкылдап,
Кыйкырса үнү чаңырып,
Кызыса кеби жаңырып;
Атка минип заңкылдап,
Ак шумкар куштай, чамынып;
Айта берсе ар жактан,
Айтар сөзү табылып,
Улуу–кичүү, кары–жаш,
Урматтачу жабылып.
Адагы калды бир күнү,
Куу өлүмгө багынып.
Айтышканда Калмырза,
Алдына акын салбады,
Жалпы кыргыз баш кошкон,
Жарышынан калбады.
Уккан адам кебине,
Дагы уксак, деп канбады.
Жолго салып айдаса,
Жоргосунан танбады.
Элине кеби тарабай,
Ичинде кетти арманы.
Теңчиликтин жогунан,
Же бир терме сөзү калбады.
Кең сары өзөн оюнан,
Кенен Чүйдүн боюнан
Булбулдай тилин жаныган,
Акын болуп жаңыдан,
Анык акын экен деп,
Ак калпак кыргыз тааныган.
Сөзү чала ырчыны,
Ыры менен каарыган.
Озуп чыккан ырчы эле,
Өз катары табынан.
Өлмөйүнчө тайган жок,
Башында сыймык багынан.
Арбын жашап жүрө албай,
Кайран эр тайды тагынан.

Акын болгон жашынан,
Атагы чыккан башынан.
Бадырата айдаса,
Барган сайын ташыган.
Кызык эле Жаманкул,
Кызыганда ырлары,
Кымыздай кайнап ачыган.
Жакындаган ырчынын,
Жакасына жармашып,
Жаштыгына карабай,
Жалтанбастан кармашып,
Алдына келген акынга,
Алдырган жок намысын,
Ак жыландай арбашып.
Алып жүрдү боз балдар,
Аттан атты тандашып.
Тосуп турду далайлар,
Тондон торко кармашып.
Кызыл кыя, Саң таштан,
Бетегелүү Кой таштан,
Анжиян, Арка, Алайдан,
Адигине, Тагайдан,
Жедигер менен Мундуздан,
Жетимиш уруу кыргыздан,
Текес, Кыяс, Кундуздан,
Алма-Ата, Кулжа, Челектен,
Манастан.
Оозу карыш жалжайып,
Кулагы узун калдайып,
Бой келбетин карасак,
Болжолу жок далдайып.
Кыйын ырчы жок экен,
Кыйла журтта Балыктан.
Айтып берип турчу экен
Албан түрлүү тарихтан.
Кызыл тилден бак конуп,
Кыргызга атын тааныткан,
Ысык-Кел, Нарын, Талас, Чүй
Кыдырып жүрүп арыткан.
Кара башы өлгөнчө,
Калган эмес парыктан.
Ошонун уулу Найманбай,
Ээрчип чыгып артынан,
Көрүп калдык кайранды,
Күкүк эле шаңшыган.
Порум менен ырдаса,
Булбул эле таңшыган.
Айтышчу эле кыйын деп,
Акындардын баарынан.
Өлмөйүнчө тайган жок,
Өзүнүн сыймык баркынан.
Оозунан чыккан сөзүнө,
Уккандын бою балкыган.
Адагы бир күн аттанды,
Ак калпак кыргыз калкынан.
Кайда кетти кечеги,
Балыктын уулу Найманбай.
Сүрөттөп айтып жүрчү эле,
Адамзаат менен айбанды ай.
Артына кеби чачылбай,
Анын да тили байланды ай.
Аяктай көрдүн алдына,
Алтындай сөөгү жайланды ай.
Ойлогон менен таппайбыз,
Ошолордой кайранды ай.

Жээгине тууган Таластын,
Жерине тууган Манастын,
Эсен аман эски экен,
Жолго салган убакта,
Жорголотуп безчү экен.
Алдына барган ырчылар,
Кол беришип өтчү экен.
Барган жери сыйлашып,
Эсекелеп күтчү экен.
Кыргыз элдин көбүнөн,
Кыйын ырчы дешчү экен,
Артына кебин калтырбай,
Алар кайда кетти экен.
Сүлөөсүн ичик кийчү экен,
Сөзүн кыргыз сүйчү экен.
Куудай сакал сеңселтип,
Кооздоп жорго минчү экен.
Кадырлаган кишиге,
Каада менен келчү экен.
Сүйгөн жерге тартынбай,
Сөзүн айтып берчү экен.
Эсенаман атанып,
Эркелеп ойноп жүрчү экен.
Ошолордой кайранды,
Элимден таппайм эңсесем.

Уккан кыргыз көп мактайт,
Улуу куш деп Чоңдуну.
Убагында ошолор,
Өзгөчө ырчы болдубу.
Кызыктуу, таттуу кызыл тил
Кызгалдактай солдубу.
Кыроо түшкөн эмедей,
Кыл муруту оңдубу.
Кыйын экен ойлосок,
Куу өлүмдүн кордугу.
Нысабы жок кара көр,
Ошонун баарын сордубу.
Ойноп-ырдап жүрсүн деп,
Ошолорду койдубу,
Атка минсе чаңкылдап,
Аткан октой тарсылдап,
Аванын бийик салчу экен;
Аксакалдык жол менен,
Ашка тойго барчу экен;
Кадыры бар кыргызга,
Каалаганын алчу экен.
Атка минип жар айтмак,
Ал кезектин наркы экен.
Карылык деген адамга,
Камынтпай келчү карс экен.
Кайрандардын артына,
Канттай сөзү калса экен.
Арзым бар айтам дегенге,
Ажал тилди алса экен.
Башынан байлап жүр десе,
Барбаска айла канча экен.

Атагы Солдун уругу,
Түбү кыргыз кулуну,
Атасы өлүп башында,
Энеси өлүп жашында,
Багар тууган азынан,
Жетимдиктин касынан,
Акайга кеткен жашында,
Курсагынын ачынан.
Аты Өтө–Жеңи жок,
Айтышууга теңи жок,
Оозунан чыккан сөзүнүн
Эч жеринде кеми жок.
Аксыда жүргөн каралап,
Тайакесин пааналап.
Кыйкырганда кетчү экен,
Кызыл тили сабалап.
Анжиян, Талас, Арканы,
Арыткан экен аралап.
Жалаң агын сууну айтканда,
Аш бышымдай ырдаган.
Аял-эркек жабылып,
Айта түш деп курчаган.
Тоо булбулдай шаңкылдап,
Торкону кийип жаркылдап,
Топту жарып ырдаган.
Көргөндөрдүн баарысы,
Көңүл коюп тыңдаган.
Узун өмүр жашабай,
Убактылуу жыргаган,
Кадыры бийик ырчы деп,
Калкы сөзүн чындаган.
Айтышып акын жетпеген,
Алдына ырчы өтпөгөн.
Айтышам деген ырчыны,
Адаштырган кеп менен.
Жабылып ырчы качырса,
Жалгыз өзү беттеген.
Зөөкүрсүгөн далайды,
Сөзү менен тепсеген.
Тилин бууган көбүнүн,
Төрт беш ооз сөз менен.
Арманда кетти жашында.
Аралашпай биз менен.
Кырк бир жашка чыкканча,
Кыялын бузуп көппөгөн.
Азаптуу өлүм курусун,
Алтындай жакшы ырларын,
Артына таштап кетпеген.
Калың кыргыз көп эли,
Кайраным деп эстеген.
Жатып калды бир күнү,
Жалаң кабат бөз менен.

Аны да кыйын деп айтат,–
–Аксыдан чыккан Нурмолдо.
Айылга барса минчү экен,
Асем үчүн сур жорго.
Кыргыздан чыккан ошондой,
Кызыл тилдүү миң жорго.
Турса боло ошолор,
Турмушу кең чын жолго.
Токтобостон жөнөдү,
Туюкталган шум жолго.
Жетпей кетти арманда,
Жыргалдуу заман болжолго.
Чыкпайт беле китеби,
Теңчилик доор болгондо.

Кепкор экен Эшмамбет,
Кең Таласта төрөлдү.
Кер муруттуу болгондо,
Кетмен-Төбө жөнөлдү.
Аябай берген деп айтат,
Акындыктан өнөрдү.
Кубулжутуп ырдаса,
Кубандырган көп элди.
Кейисек кайдан табабыз,
Кеткен уста чеберди.
Токтогул менен ырдашып,
Толкуган көп эл курчашып,
Жакын болгон Токомо,
Жаш чагынан сырдашып.
Бир туугандай болушкан,
Бирге жатып, бир басып.
Анча мынча ырчынын,
Айткан кебин ылгашып.
Анда санда кетишчү,
Атайылап чындашып.
Үлгүлүү кептен сактаган
Уккан киши мактаган.
Анча мынча ырчылар,
Айтышууга батпаган.
Билалбаган кындар,
Бир ооз кебин таппаган.
Атагы чыккан акын деп,
Ак калпак кыргыз парктаган.
Узун сакал сылаган,
Оозунан сөзү чубаган,
Кызык-кызык кептерди,
Кыйыштырып кураган.
Ортосунда жыйындын,
Ойноп күлүп дуулаган.
Кадырлуу сөздөн айткын деп,
Калкы каалап сураган.
Сеңселген кара сакалы,
Серпилип түшүп белине,
Уккан киши кубанган,
Оозунан чыккан кебине.
Келбей турган ырларды,
Келтирип айткан эбине.
Атагы чыккан таанылып,
Анжиян, Арка жерине.
Акирет кеткен кайрандын,
Анча-мынча кептери,
Айтылды кыргыз элине.

Торко тондой түрдөнгөн,
Тоодоогу булбул үндөнгөн.
Топко сүйлөп берсин деп,
Торгойдой шаңдуу үн берген.
Кыргызга сайрап берсин деп,
Кызыктуу кызыл тил берген.
Тоту куштай жаркылдап,
Дүйнөгө Током бир келген.
Туурдан учуп жөнөсө,
Толгонуп кайра ким келген.
Күүсү токсон кубулган,
Көхардай кеби чуурган,
Күү менен ырды тең берип,
Күлкүгө шыктуу туулган.
Кыргызстан биз эмес,
Кыйлага аты угулган.
Күүлөнүп чертип отурса,
Күлүк аттай жулунган.
Анжияндын аламат,
Атышты деп аралап,
Ак эшенге жолдош деп,
Акты кылып жаманат,
Бай-манаптар айдаткан,
Падышага каралап.
Урушту деп чагымдап,
Улуктарды паралап,
Ырчылыгын көралбай,
Ушакташкан табалап,
Каршы айтпаса, манапка,
Кайдан Током камалат?
Канчалык тартып азапты,
Калкына келди саламат.
Каршылык кылып манаптар,
Жыйырма беш жылга кестирип,
Күрдөлү кыргыз элинен,
Кубалаган бездирип.
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Чынжырга бутун кестирип.
Тарттырды азап Токомо,
Таманын ташка тештирип.
Туткунга башы малынып,
Турмушка жаман багынып,
Зарлап-ыйлап жөнөгөн,
Заманага таарынып.
Тозокту тартып ыйлаган,
Тууган жерин сагынып.
Муңун укчу адам жок,
Буулугуп ичи жарылып.
Кыргызга келди он жылда,
Кырсыгы баштан арылып.
Эркелеп ырдап чыкты өзү,
Эл журтуна таанылып.
Алдына акын чыкпаган,
Айтышып ырчы жыкпаган.
Күнү түнү ырдаса,
Күү менен ырын бузбаган.
Кадырлуу Током атагын,
Калган жок алам укпаган.
Сүйгөн жерге толкундап,
Сүйлөп берген нускадан.
Кызыктуу кептен айтканда,
Кыйла тууган куштаган:
Элим эрмек кылсын деп,
Эчен нуска таштаган.
Жайын билген жерлерге,
Жакшы кептен баштатан.
Канчалык кыстоо көрсө да,
Кайгырбаган, шашпаган.
Айтышам деген ырчыдан,
Асты кайра качпаган.
Күүлөп алса комузун,
Күнү-түнү жазбаган.
Кызып черткен кезинде,
Кылын жаза баспаган.
Күүлөнүп чертип олтурса,
Күүсү жанды эриткен.
Күйүт тарткан адамды,
Күлкү менен семирткен.
Үйрөнөм деп үлгүсүн,
Уккан адам желиккен,
Атын уккан ышкыпоз,
Ара конуп келишкен.
Кубулуп чертип комузду,
Улар эле кырдагы,
Топ жыйындын ичине,
Торгойдой сайрап ырдады.
Өнөр күүсүн өрчүтүп,
Ойноп күлүп жыргады.
Тозоктуу өлүм курусун,
Токтоп сабыр кылбады.
Москвага барып чабылып,
Алтындан орден тагынып,
Кары да болсо жаркылдап,
Катарымда турбады.
Ошол экен адамдын,
Өлүмгө моюн сунганы.
Өзү өлсө да сөзү бар,
Өрчүп чыкты ырлары.
Токтогулдун ыры деп,
Томуктай болгон жаш балдар,
Топ-топ болуп ырдады.

Өзүм менен тең өскөн,
Өзөгүм үзүп кеңешкен,
Куулуп кетти өлүмгө,
Кош аман бол дебестен.
Коюн алышып бир жаткан,
Кол кармашып бир баскан,
Топ жыйындын ичинде,
Токтолбой кошо ырдашкан.
Көргөн жандын баарысын,
Күлкү менен жыргаткан
Кичинекей балдарды,
Күлдүрүп боорун тырматкан
Буга окшогон кыргызда,
Болду эле нечен кымбат жан.
Олтурган жери күнүгө,
Оюн менен күлкү эле.
Оюнпоз Шаршен деп койсо,
Ойлогон киши күлчү эле.
Ордолуу кыргыз элинде,
Ойноп күлүп жүрчү эле.
Кымбаттуу кайран жоргону,
Кыйла кыргыз билчү эле.
Узун жашап жүралбай,
Өтүп кетти арманда.
Өзү өлсө да Шакемдин
Үлгүсү турат калганга.
Нуска болду сөздөрү,
Окуудагы балдарга.
Амалы жок жөнөдү,
Ажал аркан салганда.
Эң болбосо кетсечи;
Алтымыш жашка барганда,
Жашында кетти кайраным,
Жашап өлбөй карганда.
Өзү өлгөн менен сөзү бар.
Сөзү бар жандын көзү бар.
Өлүмдүн жаман экенин,
Ушулардан эсиңе ал.

Ой-пикирлер