Какен Алмазбеков. сүйгөн кесибим
Бүгүн менин кубанычым, жыргалым,
Жаңы баштап жазып жүргөн ырларым.
Кыйла кесип бизге кел деп чакырса
Кылчактадым ыр жазууну кыйбадым,
Мына менин сүйүп алган кесибим,
Элестелген бүт ааламдын ээсимин.
Кыял менен каалашымча кыдырып,
Такылдатам жаңылыктын эшигин.
Уя болуп таза кандуу, жүрөгүм,
Сактап турат жыргалымдын түнөгүн.
Ал уяда чебер чегип чыгарып,
Учургум бар гүл турмуштун чүрөгүн.
Эмгек жайнайт эл арасын карасам
Энчи алууга жаңы толкуп баратам.
Ыраазымын кандай күндө калсам да,
Элим үчүн ыр жазууга жарасам.
- Карача байды жолборс алганда (Токтогул менен Жеңижок)
- Нурмолдо. Наадан менен пайгамбар
- Сүйүнбай Эралиев. Өрт өчүргүч кузьменко
- Алыкул Осмонов. Ысык-көлдө төрт мезгил
- Байдылда Сарногоев. Аялдарды куттуктоо
Ой-пикирлер