Анатай Өмүрканов. Куруучу
... А куруучу болуш үчүн кирпичтин,
Катуусунан дагы катуу эрк керек–
Мына ошондо кирпич кырка тизилип,
Мына ошондо аалам карар көрк берет.
Бирден койгон кирпичине куруучу,
Жүрөк демин, дене демин калтырат.
Ошондуктан сен жылыйсың заматта,
Үшкүрүнүп, үшүп келип–калтырап.
Бул үйлөрдүн өскөн сайын катары
Бул адамдын өсүп барат атагы–
Бул үйлөрдүн бүтпөгөндөй акыры,
Бул адамдын бүтпөйт, бүтпөйт жашаары!
- Сүйүнбай Эралиев. Жоголгон дүйнө
- Токтосун Самудинов. Жаныбарлар дүйнөсү
- Токтосун Самудинов. Канча баштуу ажыдаар?
- Абзий Кадыров. Самап калдык
- Автандил Арабаев. Чыгарат акын ыр көркүн
Ой-пикирлер