Кирүү

Аман Токтогулов. Кондиционер

Быйыл жай жаман ысык.
Тып эткен тамчы жаан жок.
Күн көктө алоолонот.
Асфальттан лапылдата аптап уруп
Айланаң көрүнбөс от.
Шаардыктар иштен кийин,
автобуста, троллейбуста
жыкжыйма
тердешип алка-шалка
баратышат эркектердин
майкалары сыгып алма.
Мекемелерде ахалашып
охолошуп,
желпинишип, үшкүрүшүп,
коридорлорго чыга качып,
турушат жарым саат чылым тартып
ысыкты кеп кылышып.
Чыдаш үчүн саат тогуздан саат алтыга
издешет эптеп арга.
Күч келет ысык чайга,
болбосо яхнага.
Кээ бир "эпчил" кызматкерлер
"мен шашылыш иштер менен
кеттим,–деп – палан жакка!"
жоголот түштөн кийин
пиво менен шашлыкка
Георгиевкага же "Волнага",
"Черт побери, күн ысык!
Кылабыз кандай айла?!
просто невозможно
олтуруш конторада.
Завхоз кайда?
Немедленно азыр жибер
орнотпосок болбойт бирден
кондиционер!"
Ахалашып, охолошуп
желпинишет кээ бирөөлөр.

Талаада иштегендер!
Шаардыктарга кыйын болду
ишенсеңер.
Салкыныраак шамалыңдан
шаарга жибер,
бузулуп калат кээде
кондиционер...

Ой-пикирлер