Кирүү

Анатай Өмүрканов. Памирдеги жаштык

...Биз атакты издебедик,
Атак бизди издеди,
Көп иштерге карыз элек,
Дале баары бүтпөдү.

Чаалыкканда түшүбүздө,
"Чамынган" дейт апабыз.
Өзүбүздөй мекенди да,
Сулуулантып жатабыз.

Күн нурундай оронобуз,
Жылуу жаштык күндөрдү...
Жылынабыз уккан кезде,
Сагынычтуу үндөрдү.

Биз модадан артта калдык,
Артта эмеспиз турмуштан.
Урпактарга ушул күндү,
Улуу күчпүс жылгызган.

Сагынычты жалгыздыкта
Жашагандар түшүнөт.
Сүйгөн кыздын сүйкүм көзү,
Сүйлөп жатып бүтүрөт.

...Эртең кайра жолго чыгыш,
Кардан бутту тарта албай
Көңүлүмдөн ырым кетпейт,
Колго үйрөнгөн аркардай.

Эртеңкиме уят болуп,
Каламбы деп далбастайм...
Бул күнүмдү баары даяр,
Башка күнгө алмашпайм!

Жаштык күнүм, жаштык күнүм,
Жалт деп өттү...
Өкүнбөйм.
Адам кылган ал күндөрдө
Көңүлүмдөн өчүрбөйм!

Бир байлам кызыл жоолугуң,
колуңда жүргөн салынбай–
желбирейт желге түн жарып
жалбырттап күйгөн жалындай...

...Жүрөгүм согуп лакылдап
баратам сага жакындап...


Кийиктерге жашоо улам оорлой–
Уйкуну да чоочуп уктайт дирилдеп...
Кеч күздөгү акыркы үзүм коондой,
Барган сайын бара жатат бириндеп.

Сен бетиңе жок шылтоону кармабай,
Жигит болсоң, жалтактабай ач, айып...
Неге элик кеч күздөгү алмадай
Күндөн күнгө суюлууда азайып?!

Мен аларды баккым келет баламдай,
Сымап мисал сымбатына суктанып.

Ой-пикирлер