Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Аттын ыйы

Күрс деп кулап мина жакын арага,
Кыйрап калды ашпоз тарткан араба.
Ат жаралуу, жатат жаны чыгалбай,
Адам уулу, бар досуңа карала!

Бардым чуркап... анын бир жак капталы,
Бүт шылыган, онтоп жатса ат жаны,
Туралбайсың сен жанында багып...
Ал аңгыча, сержант аны атканы,

Жакын килип автоматын алды эле:
–Жок, шашпаңыз, мал да болсо, ал дале,
Кыйын күндүн кыйындыгын бөлүшкөн,
Кыйбас эски курдаш окшоп калды эле?!

Артка тартып жаралуунун барысын,
Алга тартты солдаттын ок-дарысын,
Иче турган тамак-ашын. Жаны бар,
Актай алды антип аттык карызын.

Кызматына кылбасак да башка урмат,
Кайтарында коштошолук жакшылап...
Барып башын жөлөйм десем, о шумдук,
Жатат ыйлап, жатат көздөн жаш кулап.

Тын убакта өзүм өскөн жерде мен,
Жылкы артында далай жылга өрдөгөм
Той-үлпөттө күлүк чапкам көп ирет,
Бирок аттын ыйлаганын көрбөгөм.

Көкүлүнөн сылайм башын кучактап,
Көз жаштары дале тамат бурчактап.
Ай жаныбар, ары карап кетеалбай,
Жарык күнгө жатканын көр кылчактап.

Өлөрүндө эстейт экен эмнени?
Кулун кези, эне эмчегин эмгени?
Же турабы көз алдында андагы,
Чөбүн оттоп, суусун ичкен жерлери?

Бирге өткөргөн кыйла күндү кыйла айды,
Өз үйүрүн, курбуларын кыйбайбы?
Же болбосо, эми аларга экинчи,
Кайрылалбай калганына ыйлайбы?

Өлтүргөндөн өч алалбай, жөн өлүп
Барам дейби, онтойт мага жөлөнүп?..
Биз ошентип да бир достон айрылып
Урматына ок чыгарып жөнөдүк.

Ой-пикирлер