Кирүү

Жолон Мамытов. Кумар ыры

Ар кечте селки себин аңтаргандай
Ар түнү мээ-сандыкты аңтарам да,
Сөздөрдүн таап кымкап, шайыларын
Замандын жүгүн таңып,
тартам алга.

Мен сени издегендей көп жыл мурда
Күн өтөйм ыр саптарын издеп мында.
Өзгөргүч биздин кызмат орундардай
Алмашып өтүп жатат жылдар жылга.

Тартуула мага болгон кумарыңды,
Жактырсаң,
махабатың аяба да!
Ал сүйүү араласын Асман-Жерди
Алкынтып минип алып поэмага.

Ал кумар Аккуладай зыркырасын
Аркырап камчы тийбей соорусуна
Жылдарды шаты кылып түшүп кайтсын
Байыркы бабалардын конушуна.

Ал ышкы адамдарды элжиретип
Коюлсун экрандарда кино болуп.
Чубалтып түтүн жибин ракетадай
Космосту тепчип чыксын ийне болуп,

Кач, уйку!
Көздөрүмө чапташпагын,
Маанисин түшүнбөйсүң бул кумардын.
Кеткин да,
өмүрүмдөн санап туруп
Өзүңдүн өнөгүңдү кыркып алгын!

Оо, жүрөк, бир жүрүшкө чыдап бергин,
Чаалыгып чаңдуу жолдо канабагын.
Ойлордон додолонгон бийик зоодо
Турамын эрөөлүндөй замананын...

Ой-пикирлер