Токтосун Самудинов. Жарма
Балдар менен жүргөмүн
Балык уулап өзөндөн.
Абамдарга кабылдым
Айры,чалгы көтөргөн.
Саратандын күнүндө
Чарчашыптыр байкасам.
Алар айтты: Жутуп ал
Жармабыздан, чаңкасаң.
Жерге салып башымды,
Чеке терим чыгардым.
Жарым үймөк чөп үйбөй,
Жарма ичкенден уялдым.
- Жусуп Баласагын. Дыйкандарга карата мамиле
- Сооронбай Жусуев. Алакан
- Алыкул Осмонов. Сулууга
- Токтогул Сатылганов. Гүлдөп ал
- Омор Султанов. Бокс
Ой-пикирлер