Аалы Токомбаев. Сизге
Көзүңдү карагаттай тиктегенде
Өзүмдү карегиңден көрөр элем.
Жалындуу илебиңе чыдай албай,
Жалбарып маңдайыңан өбөр элем.
Адашып азыр эле табышкандай,
Чекемди жүрөгүңө жөлөр элем.
Тиктешип ажырашпай турган кезде,
Сен дагы карегимде болсоң керек,
Элесиң ошол бойдон менде калса,
Ар качан болбос беле кымбат белек!
Күзгүдө карегимден сени көрүп,
Канагат кылбас белем жанга теңеп!
1936
- Анатай Өмүрканов. Айылдык келиндер
- Белек Солтоноевдин "Румкан" казалынан үзүндү
- Бешик ыры
- Жеңижок (Өтө көкө уулу). Балалык
- Асан Жакшылыков. Эл кенчи
Ой-пикирлер
2020-01-22 ![]() Адилет |
Мага жакты |