Кирүү

Молдо кылыч шамыркан уулу. зилзала

Абал сөзүм бисмилла,
Айта берсек сөз мында.
Кеп чыгардым жаңыдан,
Келгин — өрдөк, биз — турна.
Китептерде бир болжол:
Коркунуч болоор жүз жылда,
Нур Мукамбет пайгамбар,
Үмүткөрбүз көп жандар.
Ойлоп кара артыңды
Ак сакалдуу каргандар.
Көрүп келдиң далайды
Узак жашап баргандар.
Сонун иштер көбөйдү
Сөзгө кулак салгандар.
Илгеркилер бир борум,
Өз эркинче болгону.
Зар заманга сүйлөдүм
Борумдарын болжолун.
Алла таала, ар ишти
Өзүң түзөп оңдогун.
Бу замана түрлөндү,
Жер силкинип термелди.
Кылкылдаган асман-жер
Бузулуп кетээр өңдөндү.
Санаага келбес иш болду,
Сакта, кудай, бендеңди.
Тоо бузулуп, таш кулап,
Жер жарылып, жар урап,
Ит бүткөндүн баарысы
Улуп-уңшуп чуркурап.
Жан алуучу келердей,
Чочуп турдук зыркырап.
Кудай өзү сактасын,
Асман, жерлер бузулуп,
Кетеби деп быркырап.
Матоодо төө бышкырып,
Ат кишинеп, кошкуруп,
Таш короолор калдырап,
Эчки, койдун — баарысы
Үркүп чыкты чүчкүрүп,
Байлаган жиби үзүлүп.
Өкүмү күчтүү кудайдын
Өткөрө чоң иш болду,

Өлүмдү эске түшүрүп.
Алланын иши ушундай,
Аманат бенде курусун,
Акыл жетпес караса
Кудуреттин жумушун.
Жер дүйнөнү туйлатып,
Көрдүңбү мындай кылышын,
Добуш тартып дүрүлдөп,
Өлүмдөн башка ойлобой,
Акылың кетти бириндеп.
А, кудайлап жалбаарып,
Алда кандай болоор деп,
Уктаган балдар ойгонду,
Ыйлабай өзү сооронду.
Алда кандай жорук деп,
Эси чыгып жаш балдар,
Булар дагы ойлонду.
Жан-жаныбар, макулук
Чочубастан койбоду.
Туурда куштар талпынып,
Ат кошкуруп алкынып.
Адам кантип коркпосун
Дкыл башта бар туруп.
Мына мындай өңдөнген,
Мындай жорук ким көргөн.
Билгенге айткан бу сезүм
Битина жорук бендеден.
Адетте болбос мынчалык
Жер кыймылдап термелген.
Жараткан алла кудурет
Бендеге кылган айбатты,
Ай тутулуп жарылмак,
Күн кетилип, нур таймак.
Куйруктуу жылдыз кеп чыгып,
Асмандагы Ай, Күндүн
Бетин жаап кир чалмак,
Адамзаттын шумунан
Анты шерти, убада —
Баары кетти жалтайлап.
Эл кыдырды кожолор,
Амал кылбай молдолор
Адам акын көп жеди.
Турлүү, түрлүү бенделер,
Кууланган жорук көбөйдү
Кудайдан башка ким билээр.

Акыретке барганда
Адам уулу тергелээр.
Бенденин кылган күнөөсүн
Өзү турган жер көрөөр.
Адистен уккан бул сөзүм:
Адам бенде шумунан
Кара жер минтип термелээр.
Кайсы сөзүм айтайын
Карап турчу, бенделер.
Жан аманат болгон соң,
Ынсап кылсак оң келээр.
Каршылык кыл деп китепте,
Кайсы молдо жол берээр.
Ыйман жайын билбеген
Ибилиске кол берээр.
Насипке кылсаң канагат,
Ыйманың болоор саламат,
Сынап турчу, жарандар,
Зилзала болгон алаамат.
Жер чайкалып туйламак,
Там жыгылып куламак.
Далай адам зар катып,
Кайгы тартып куурамак.
Чүйдүн башы Чоң-Кемин,
Мен айтайын билгеним.
Анык билген адамдар
Айтып берди көргөнүн.
Үч жүздөн көп киши деп,
Жери урап өлгөнүн.
Там жыгылып баскандын
Өлүгүн алып көмгөнүн.
Санаага келбес иш болду,
Замандын көрчү түрлөрүн.
Биздер бала, жаш чакта
Жер чайпалмак бар эле,
Билген адам билбесе,
Бул эмне болду деп,
Билбегендер көп эле.
Там жыгылып, жер көчкөн
Мындай жорук жок эле.
Ушу жылы зилзала
Барабар келди баарына.
Адам бенде курусун,
Башка коркунуч келген соң,
Баарынан ширин жан тура,

Тамам жандар ойлонуп,
Барды көзү уйкуга,
Жыгач үйлөр карчылдап,
Жер дүңгүрөп, тарсылдап,
“Кагылайын кудай!” — деп,
Карап турдук калтырап.
Бир жагынан ит үрүп,
Улуп-уңшуп арсылдап.
Жер бузулуп кетээр деп,
Чочуп турдук калтылдап.
Ушул жолку зилзала
Айбаты кыйын көрүндү.
Жан-жаныбар, макулук,
Бир жанынан түңүлдү.
Тамда жаткан адамдар
Ала качып өз башын
Жылаңач чыга жүгүрдү.
Абайлачы, жигиттер,
Ушу сөзүм төгүнбү?
Катыны жатса карабай,
Балаларын эстебей,
Далай адам жылаңач
Чыккан экен чыдабай.
Адам бенде курусун,
Акыл-эсти курутуп
Коркутпачы, кудай, ай!
Таш кулады, там тургай,
Канча жанды тоо басты
Бирде-бирин калтырбай.
Алигиче эстесе,
Жүрөк турат болкулдай.
Чочутпады да болсо
Чоң-Кеминдин калкындай.
Миң шүгүрлүк кудайга
Сактады бизди ушундай.
Куп жакшылык болду да,
Коркунуч бизге көрүндү.
Залалы болуп, кудай ай,
Санаабыз жаман бөлүндү.
Казан-аяк калдырап,
Кумганда суу төгүлдү.
Кайсы бирин айтайын,
Ойлодук кыйын өлүмдү.
Оюңуздан түшүрбө
Өкүмү күчтүү теңирди.

Чүйдүн башы Чоң-Кемин
Тоо жарылган жерлериң.
Далай жанды таш басып,
Жер көчкүнүн жүргөнүн.
Тескейдеги карагай
Жери менен жылганын
Байкап турчу, жарандар,
Кудуреттин кылганын.
Канча жанды жер басты,
Алла салган ажалын.
Талкаланды таш үйлер,
Талаадагы жандардын
Не болгонун ким билээр.
Ажалы жок жандарга
Алла таала жол берет.
Ороодогу эгиндер
Жер жарылып житирди.
Капчыгайдан таш кулап,
Кара жолду бүлдүрдү.
Тескейдеги жыгачты
Орду менен көчүрдү.
Тоо жарылып, токтобой
Аска таштар бузулду.
Ажалы жок адамдар
Аман качып кутулду.
Кудуреттин иши көп,
Ойлоп көрчү ушуну.
Айта берсем көп жатыр
Бул өңдөнгөн кызыгын.
Төшөктөгү адамдын
Бири өлүп, бири бар,
Кайда болсо алаамат
Ажалдууга жолугаар.
Там жыгылып, таш тийсе,
Бешиктеги бир бала
Аман калды жаныбар.
Талкаланды бешиги,
Тобокелди кылыңар.
Бул сыяктуу сонундан
Айта берсе, дагы бар.
Солкулдады Чоң-Кемин,
Күңгөйдөгү Байсоорун,
Там жыгылып, таш басып
Далай жандын өлгөнүн
Билгендерден сурасак.

Айтып берди көргөнүн.
Бир канча жер жарылып,
Ысык-Көлгө киргенин,
Ынанбасаң барып көр,
Муну жалган дебегин.
Алааматтын белгиси
Ойлосоңуз, жарандар,
Акыр заман шумдугу.
Кара тажаал жажуждар
Чыгаар болжол болдубу.
Китептерде мазмуну,
Келип тураар чындыгы.
Же болбосо кудайым
Бизге айбат кылдыбы.
Жер силкинип, быркырап,
Жалгыз үйү калбады,
Шондон бери зилзала
Адетте жок туйлады,
Андан мурун эки жыл
Бир канчалык чайкалды.
Кыйын болду ал дагы,
Төшөктөгү адамды
Калбырдай кылып ыргады.
Андан соңку Кашкардан
Далай кыштак кыйрады.
Жер дүйнөнү силкинтип,
Жараткандын барманы.
Үлкөндүгүн көрсөтүп,
Абдан сонун буйругу.
Адетте болгон иш болсо,
Коркпос элек ойлонуп.
Көрбөгөнгө чыдабас
Көзү туюк бенденин.
Сактап тураар барчаны
Теңирим өзү дем берип.
Ырыскы менен насипти
Чыгарып тураар бир берип.
Аллалыкты көргөзүп,
Акылдууга жөн берип.
Жерге зыйнат болсун деп,
Кең шиберден өң берип,
Айбат кылып адамга
Ар бир убак кара жер
Калкылдады термелип.
Алла таала ишин көр

Асман, жердин тирөөсүн,
Акыл жетип турса да,
Адам бенде энөөсүз,
Арсы, күрсү, лах калем
Бар экенин билесиз.
Маанилерин сурасаң,
Сөз болбойт го жүйөсүз.
Ушу турган жер, асман,
Күндү көрсөк чырактан,
Айды жарык жаратты,
Жүзү жарык равшан.
Айтып-берээр молдолор
Жакшы байкап сурасаң.
Ыйманыңда кубат бер
Айтканына ынансаң.
Ынанбасаң өлүмгө,
Барбай койчу чыдасаң.
Жер тууралуу сүйлөдүм,
Кайсы кепке баратам.
Бу да жаман сөз эмес,
Баарын ишке жаратам.
Асманда бар бериште,
Авзар, ковсар бейиште,
Буйрук кылды адамга
Кара жерге жүрүшкө.
Акыл жетип болбоду
Наркы түбүн билишке.
Бендесине ылайык
Кудуретинен көрүшкө,
Жер силкинип жүрүштө
Сабыр берсин бендеге,
Салса кудай ар ишке.
Чоң Анжиян, кең Кашкар
Зилзаладан бузулду,
Ажалы жок адамдар
Чыга качып кутулду.
Тагдыры жеткен бенделер
Тамда калып тутулду.
Беш-алты жыл ичинде
Бир алаамат башталаар,
Байкап көрчү ушуну!
Солкулдады кара жер,
Акылдуу жан билегөр,
Ыйманы бар эр болсоң,
Ынсап менен жүрө.

Баарыга момун дин ислам,
Байка сөздү Кылычтан.
Он сегиз миң бу аалам
Орду мына, жер, асман.
Сегиз бейиш жаннатты
Ыракматынан жараткан.
Капыр, шайтан малгунду
Тозогуна караткан.
Дөө, пери, адамды
Бу дүнүйөгө тараткан.
Кара жерди силкинтип,
Баары жанды чыдаткан.
Буйрук кылса кудайым
Тоону, ташты кулаткан.
Алматыны, Кашкарды —
Абал мындан баштады.
Анжыянды зилзала
Бүлүндүрүп таштады.
Сүйлөбөйлү кудайдын
Кудуретинен башканы.
Баары туташ кара жер,
Муну байкап биле көр.
Жер силкинсе бир жерге,
Билбей калаар башка эл.
Кудуретине таң калып,
Жараткандын ишин көр.
Он сегиз миң бу аалам.
Жамгыр түшөөр абадан.
Акыл жетпес иштер көп,
Баары буйрук кудайдан.
Ар макулук жандарга
Насип жетээр эгемден.
Жаркыраган Күн, асман
Үстүбүздө көгөргөн.
Баары макулук мугаллак
Кудуретине сүйүнгөн.
Асман, жерлер танапсыз
Бир бирине жөлөнгөн.
Анан наркы түбүнө
Ойлоп акыл түгөнгөн.
Ойлоп акыл жеткизбей,
Айран азыр калдырып,
Кара сууну шам кылды
Караңгыга жандырып.
Канаттууну чыгарды

Жумурткадан жардырып.
Кудуретине карагын,
Акылыңды бардырып.
Ойлосоңуз, кетпеңиз
Тобуңуздан жаңылып.
Адетте жок иш болоор
Адам пейли бузулса.
Өзүбүздөн көрөлүк,
Береке журттан кысылса.
Адеттеги иш эмес
Ай менен Күн тутулса.
Бул эмне иш болду,
Кудуретине садага,
Каңтарылып кара жер,
Көчкү жүргөн не жорук.
Ойлоп акыл жете албас,
Тобокелде бололук.
Тоого бүткөн жыгачтар
Түзгө барып жамалып.
Кандай жорук, кудай ай —
Ынсап, топук кылалык.
Жердегеним кең Кочкор,
Аяк жагы Семиз-Бел,
Нар жагында карасаң —
Мелтиреген Ысык-Көл.
Жер силкинип жарылды,
Байсоорунду барып көр.
Зилзаладан чочуду
Жаны чыгып далайы,
Чочуганда кантебиз,
Сакта, кудай, тобокел.
Чоң-Кеминде бузулду
Тоо тоосунан канча жер.
Жалпы журтка кудайым,
Жакшылыкты бере көр.
Дин мусулман агайын,
Сактоочу өзү кудайым.
Акыр заман белгиси
Сизге баян кылайын.
Китептерде сөзү бар,
Ынанбасаң табайын.
Заман андай болмогу,
Жерге бузук толмогу.
Ар сонундуу иш чыгаар —
Мына ушул болжолу.

Былкылдабас кара жер
Азоо аттай туйлады.
Сонун иштер көп болду
Шумдугунан бенденин.
Алалдыкка арзыбай
Сүткө кылаар сооданы.
Ысырапка мал чачып,
Журтуң кылды кооганы.
Үстүбүздө асман, көк,
Айы бирөө, жылдыз көп.
Күн чыкканда түн кетээр,
Мунун жолу бир бөлөк.
Адеттеги иштер бул
Ар жаныбар төлдөмөк.
Ушул акыр замана,
Жер силкинип туйламак.
Кудуретине таң калып,
Тураар көзүң алайып.
Айтып өттүм далай сөз
Акыр заман журтуна.
Калкылдады кара жер
Качан болсо уйкуда.
Канча кепти сүйлөдүм
Бир чыкпадым учуна.
Болду мына бу сөзүм,
Бүтүрөйүн күнөөсүн.
Молдо Кылыч бечара
Акыр бир күн кетесиң.
Өзүңүздү байкаңыз,
Элди-журтту нетесиң.
Тобо кылсаң күнүгө
Даражага жетесиң.
Коюп келе жатабыз
Өлгөндөрдүн нечесин.
Өмүрүңчө сүйлөдүң,
Кайсы бирге түтөсүң.
Канча казал чыгардың,
Кайдан жүрүп жетесиң.
Жерим Кочкор талаасы,
Журтум кыргыз арасы,
Темир болот болушум,
Бишкекскей үйөзү,
Эли-журтум черикчи,
Ушу сөзүм ырасы.
Төрөгелди бабабыз

Ой-пикирлер