Кирүү

Жаш Манас баатырдын алтайдагы кыргыздарга кайрылганы

Арыстан Манас кеп айтат,

"Ага-ини, журтум деп айтат.

Баарыңарга эп болсо,

Бала да болсом кан кылдың,

Мен бийлеген кеп болсо,

Көңкү кыргыз балдары

Колумду байла күндөгө,

Корстон болбо дүйнөгө

Короодо жатат коюм деп

Кор болбоймун оюм деп,

Комсоо кепти сүйлөбө!

Өрүштө жылкы малым деп,

Өзгөчө кыйын алым деп,

Өкүнүчтүү болор айткан кеп.

Жайытта жатыр уюм деп,

Сандыкка-дүйнө булум деп,

Санаага салсаң жаман кеп!

Жүк артсаң арбын төөм деп,

Төөм бардан жүрөм деп,

Дөөрүгөнүң -жүдөө кеп!

Конокко сой бир койду,

Корооңо кой миң койду.

Таң атырбай таптаза

Кырып баарын болтурду.

Курсагым жеп тойдум деп,

Күнүм бүттү койдум деп,

Бекер кайдан отурду?

Аны кылды бөрүңүз

Артын байкап көрүңүз!

Жылдырып жылкы айдадың,

Сызылтып казы чайнадың,

Зыңкыйтып күлүк байладың

Сыдырым сыртты жайладың

Жоо сыртыңдан багыптыр

Кыйкырып добул кагыптыр,

Куюндай учуп жылкыңыз

Жоого кетип калыптыр.

Ээм мында калды деп,

Ээлеген мендей малды деп,

Эстебей турган болгон соң

Жылкым менин арбын деп

Жыргап жатыш кандай кеп?

Желеде малым, уюм деп

Сандыкта зээрим, булум деп

Көңүлүңө жетиптир

Көмүр жанып, от жанып,

Көмүркөй күйүп кетиптир

Көп деп турган уюңду,

Көтөрмөсүн колго алып,

Көк көйнөк чалып өтүптүр

Көрө сала койгун деп

Айрып албас болгон соң

Аны көрбөй койсоң нетиптир?!

"Көрүп турсун көп кыргыз

Көбүңө айтам мен бир иш.

Көрдүңбү төөнүн чоңдугун

Жүрүмүнүн тоңдугун.

Жолго сыйбайт таманы.

Тикенек сыйбайт тамагы.

Кирпигиндей чымындан,

Бирок кидирбестен кырылган.

Кандайлыктан дүйнө деп

Кайрат бизге кылынган?

Кече Терс-Моюнун оюнда,

Темирдиктин боюнда,

Калмактар Текеске кабар бериптир

Куяс деген баатырын

Куп чакырып алыптыр.

Кужулдашып калмакты

Кудай уруп салыптыр.

Илебин канга чапканы

Издетип аны тапканы.

Анын баары келген соң

Мына бул экен айтканы:

"Кыпчак, казак, кыргызын,

Калтырбай кырып таштайлы".

"Алты күн болду келгени,

Агабыз Ошпур угуптур,

Анжы-мунжу калмактын

Арасынан чыгыптыр.

Жалпы отурган ага-ини,

Жалынсаң жаның калабы?

Жабылып кирсе көп калмак

Сени корксоң кое салабы?

Казан асып, кар салып,

Катын алып, үй тигип,

Аспап алып, ат минип,

Адам болуп турган соң,

Жолун күткүн бабаңдын

Жоодон качып калбагын.

Каарын төккөн калмактан

Кутулар жагын карагын.

Арбагы бийик Ала-Тоо

Барбай кантип коеюн,

Атамдан калган жеримди

Албай кантип коеюн.

Жердеп турат жеримди,

Ээлеп турат элимди,

Текес менен Алооке

Кетирип турат кебимди.

Алтайда кантип туралык,

Арбын кошуун жыялык.

Атышкандан баш тартпай,

Атанын жолун кууалык.

Барсылдашып жеңбесек,

Маңгул берер тоюңду

Карган адам өлөт деп,

Бас ойлобо оюңду.

Энеден не деп тубамын,

Эрлердин долун куамын.

Эзелки жерим албасам,

Эс алып кантип сууамын?!

Ак асаба, кызыл туу

Аягын жерге сайбасам,

Атым өчүп калбайбы,

Атамдан калган Ала-Тоо

Алтайдан калбай албасам?!

Алтымыш уруу журтумдун

Азганы болсо жыйайын.

Арбак урган калмакка

Азапты мындай кылайын.

Ала-Тоо менен Алайдыр.

Арка жагы Самаркан

Ата конуш анда экен

Абалтан журтум самаган.

Жердин кени Илени

Жети өзөндө суусу бар,

Жер соорусу ушулар,

Жердебесе билеби?

Ат-Башы, Нарын ортону,

Эсиңе алгын ошону.

Ысык-Көл менен Соң-Көлдү,

Сүргөн экен бул калмак

Ошондогу көп элди.

Азыр турган жериңер

Алтай тоонун арасы.

Ала-Тоого жетпесек,

Элиңдин кетер чамасы!"

Ой-пикирлер