Кирүү

Барпы Алыкулов. Болор жигит

Киши болор жигиттин
Киши менен иши бар.
Өзү менен барабар
Өзөк болор киши бар.
Көлөкө жерге күн тийсе,
Көрө албайт экен ич тар.

Адам болгон жигиттин
Ак бетинде нуру бар.
Ар кимдерге ашкере
Айтылбаган сыры бар.
Алп мүчөгө жарашкан
Ак туйгундай сыны бар.
Андайларды айтууга
Акындардын ыры бар.

Жакшы болор жигиттин
Жүрөгүндө мүлкү бар.
Ырыс толуп үйүнө
Тамаша менен күлкү бар.
Азгырсам деп мындайды
Аңдып жүргөн түлкү бар.

Сөзгө алынар жигиттин
Сарайында сынчы1 бар.
Сарасап менен сүйлөгөн
Сөздөрүндө курчу бар.
Душманына калганда
Калемпир менен мурчу бар.
Сыпаттап айтып өтүшкө
Бизге окшогон ырчы бар.

Көзгө илинер эр жигит
Кедей да болсо малдуудай.
Чырмаган дартка карабай
Чабал да болсо алдуудай.
Чындык сөзүн бетке айтат,
Чангенттен аккан шар суудай.

Шагдам болор жигиттин
Шаага бербес эрки бар.
Алыстан келген душманга
Арыстандай көркү бар.
Күйүп турган жалындап,
Жүрөгүндө өртү бар.

Эли сүйгөн жигиттин
Эндүү болот маңдайы.
Чаласы жок ишинин,
Чечен болот таңдайы.
Ушундайды көрө албайт,
Деги, ушакчынын кандайы?

Жигиттин иши эл менен,
Элдин иши жер менен.
Эл аралап, жер басып
Эриккенде бир келем.
Эр жигиттен сөз баштап
Эрмек болуп мен берем.
Эси бар жигит жол тапсын
Эки ооз ушул термеден.

Ой-пикирлер