Кирүү

Сүйөркул Тургунбаев. Каралдымын кабырынан угулган ыр

Жылан жылдын апталтуу жай айында
Күн асманда чызырап турган чакта
Балдар мени чакырды көлмө жакка.

"Койгун уулум, барба,–деп,–сен ал жакка"
Айткан элең күн мурун, жаным ата,
Айткан элең канкакшап, жаным апа.
Унутупмун ал сөздү мен заматта.

Суунун пири азгырып бизди өзүнө,
Көлмө барын укканбыз биз сай жакта,
Өтүп кеттик элеңдеп кара жолдон
Жылаңаяк дикилдеп эки-үч бала.

Жетип келдик жээгине биз көлмөнүн,
Кечип-кечпей башкалар тайсалдады,
Да бир бала түз кирбей кыйгач басты.

Мен элирип тик ылдый кирип бардым.
Терең-терең түбүнө үңүп бардым.
Суунун пири кетирбей ошо бойдон
Түпкүрүнө түбөлүк чөгүп калдым.
"Үйүң сенин шул–деди суу атасы,
Коенектей түбүнө бөгүп калдым.

"Жангарач!"–деп канкакшап кыйнаба ата,
Эми чыкпайм караңгы бул тереңден.
"Жан балам!"–деп чаңырып ыйлаба апа,
Суу атасы кучактап алган бекем.

Айда келип мүрзөмдү айланба ата,
Күндө келип күйүнүп, кайнаба апа.

Чыкпайт экен эч пенде мында кирген,
Кетпейт экен эч бир жан мында келген.

Турбайм эми, бозоргон боз турпакмын,
Бооруң канап, кайгыңды ырбатпа ата,
Боздой бербей жашыңды кургат, апа.


Туура чийген чийими бар
туткалуу дүйнө сен десем–
Тууралыгың курусун–
туурап салдың мени сен.

Маанайы жарык маңкайган
маанайлуу тутка сен десем,
гүл көңүлүм күл кылып,
жарык күнүм түн кылып
минтип,
майкаңдадың дүйнө сен.

Жан жыргаткан жамалы
жаннаттын өзү сен десем,
жанымды өрттөп жаңшантып,
минтип, жалдыраттың дүйнө сен.

Ой-пикирлер