Кирүү

Аскада калган Кожожаштын Зулайкага айткан керээзи

Кейибегин, алганым,
Кетти ичимде арманым,
Бир эчкинин зарпынан,
Билбедим ташта калганым.
Бир мерген деп чуулдап,
Анык болду Зулайка,
Караны кийип кайгырып.
Жесирлик күндө калганың.
Кыйнабайын баарыңды,
Кырбайын бекер малыңды,
Эптеп жерге алып кет,
Эскирген Карып чалыңды.
Эсиңе ал сен Зулайка,
Эсилиң мерген парыңды1.
Эчкини кууп ташта өлдүм,
Кимге айтайын зарымды.
Өлүүгө өмүр кыскарды,
Кайры кош, журтум, кары, жаш,
Эми таштайм жанымды.
Алты айлык болсо боюңда,
Эмне деген акыл бар,
Зулайка, сенин оюңда?
Түшөөргө айла таба албай,
Ажалдын куру моюнда.
Ала карга сагызган,
Айланып зоодо жүрүшөт,
Кызылым чокуп тоюуга,
Зулайка, эгер кыз туусаң,
Атын Каныш койдургун,
Мергенден калган перзент деп,
Бешикке салып той кылгын.
Эркек туусаң Зулайка,
Атын койгун Молдожаш,
Мергенден калган белек деп,
Менде тууган жан болсо,
Сөөгүмдү издеп келет деп.
Асты оюмда жок эле,
Аскада жаным өлөт деп,
Ак бараңды1 таштаймын,
Темирим түшсө тегизге,
Терип алып түйүп кой,
Түбүндө болор керек деп
Каары жаман өлүмдүн,
Калың эл сенден бөлүндүм,
Кадырын эстен чыгарба,
Кайран мерген теңиңдин!".

Ой-пикирлер