Кирүү

Автандил Арабаев. Жалгыз кайың

Суу боюнда суйкаят жалгыз кайың,
Сыр бербей, салкын желге ыргалса да.
Алда кимди сурап келчү алы-жайын,
Арга жоктой күтпөскө, чыдабаска.

Махабат укмуш белең ушунчалык:
Адам эмес¸ жансызга жан бүтүргөн?
Ой басып, кыялданып, канат кагып,
Ашыктыкта күн санап, түн кечирген.

Термелип махабаттын ыргагына,
Жалбырактар шыбырайт мукам үндүү,
Балкытып бал сезимдин кумарына,
Сөздөрү жагымдуу да, терең сырдуу.

Кайран жүрөк дүкүлдөп, жан далбастап,
Сокконун шамал айдайт далай жерге.
Сүйүүнүн кудурети жарган таштай
Чачылып, бир учугу жетпейт неге?

Бүт дүйнөсүн ээлеген аруу сезим,
Айрытты ак кайыңды бир бутагын:
"Кабар айт, жетээриңди билем сенин,
Аккын да, сүйгөнүмдүн тап кучагын..."

Суйкаят суу боюнда жалгыз кайың,
Моюн сунбай мезгилдин учагына,
Сүйгөнүнүн кабарын күтөт дайым,
Кыялданып махабат кумарына.

Ой-пикирлер