Кирүү

Анатай Өмүрканов. "Бар бол" ырлар жыйнагынан жүрөк сөзү

Иттин мурду сыяктанган нымдуу түн
мээ айныткан аркырап
машина үнүн муунтат.
А сен үйдө
ак чүштөдөй ак шейшепте
нур балкытып маңдайыңдан
түш көрөсүң...
Үстүндөгү жибек жууркан
шыпырылып
ич көйнөгүң ак денеңде
көлкүйт суудай
боюң ылдый куюлган.
Көкүрөгүң айырмасыз көктөгү Айдан
шоолалантат сүттөй жарык
акактанып уюган.
Суй жыгылып сулк жатасың
ишиң кечээ бүтпөй калган,
жамалыңа бырыш салып кеткен окшойт
жетпес арман
менин кулак-мээмди жеп
эс тандырган:
"Окууга өтүп тааныш менен,
көтөрүлүп тааныш менен,
жылда үч үй алмаштырып
жыргап жүрөт тааныш менен...

А сен үйдө
бир ыптасы жаракадан
кулайын деп араң турган
балаң менен армияга бара турган,
дагы уул, кызың менен
энең менен араң баскан
үй алганга жарабастан
жүрөсүң болуп жазган.
Жазганыңдын пайдасы эмне,
кереги не?!
мени койгун өз балаңа,
өз энеңе
жок дегенде эки бөлмө
үйгө күчүң жетпегенде.
Же бир тааныш күтө албасаң
кишиге окшоп
бере албасаң тыйының ага топтоп
жүрө бергин кулар үйдө
цыган окшоп...
...барсаң боло
өйдө жакка
чапаныңды чечип алып калса да..."
...Кан басымы катуу эле
каны үйөрлөп кеттиби же?!
Ырым жазып мен далисте
карайм аны;
ак шейшепте–
жерге түшүп жибек жууркан
балкып жатат балжуурандай аппак дене.
Тили ачуу, дили аруу алтын жарым
бирден санайм бырыштарың,
биз да бир күн жок болобуз
унутабыз жоктун баарын.
Мезгил келет жулуп салат
тааныштыктын тамырларын.
Ишенемин акыр бир күн
бир үй тийет,
карган энем сүйүнгөндөн бийлеп ийет.
Ишенемин,
өкүнүп айтканыңа
суктанасың
улам гүлдөп
бара жаткан калаабызга,–
үйүңө мен ыраазымын
келсе дейсиң жаштык кайра...
Кап-кап, алтын, кап-кап акча
жана "Волга" жана дача
аныктайбы адам баркын
же мезгилге болобу оопа?!
Эч убакта...
мен алардын көр дүйнөсүн
теңебеймин бир сабыма,
мээни сыгып,
тууган жердин
көгөртүүгө жалбырагын
арнайм жаным!

Башкалардын каткырыгы
сокур тыйын
Сен турганда мага карап,
өбүш самап...
Күмүш чалган чачың Айдын
шооласына шоокумданат.
"Күнөөм менен агарттымбы
ушул чачты?!"
Жүрөк канап
турам карап,
бул өмүрдө–
саатына күн жетпеген жаштык күндө
бир кейитпей
бир кабагын түйдүрбөй
каалаганын ошол замат
так аткарып
жүралбадым
атаганат...
Апаппак Айдын нуру
төшүңдөн жупжумуру
апкаарый сылагылап
үлбүрөп өөп туру.
Уктагын, ууздайым,
эч качан бактылуу болбогондой
Анатайың
бактылуу ушул азыр,
көркүңө көзү тойбой
эртең жана бүрсүгүнү
ушундай болууңду ойлой
бактылуу ушул азыр...
Укта,
укта
түшүңдөн эч чоочуба,
көңүл бурбай көр оокатка
бололу ден соолукта,
кыйындыкты
күтүп турган алдыбызда
жеңели тазалыкта.
Кан буугандай токтотулат
жолдор барчу тааныштыкка,
кичине үйдө жашаш керек
чоң ойлордо,
чоң максатта...
Ага чейин
укта,
укта,
кабак түйбө, капаланба,
ойгонгончо апкелемин
дүйнөдөгү гүл тазасын,
өзүңө деп жазып коем
дүйнөдөгү ыр жакшысын,
моюнуңа мончок кылам
ак жаандын ак тамчысын
жана дагы жан эриткен
жаш булбулдун жаш кайрыгын...
Ага чейин
укта,
укта,
аппак моюн карлыгачым
укта,
укта...

Ой-пикирлер