Кирүү

Темиркул Үмөталиев. Эскадрондо

Аттуу полк Одессанын ар жагында,
Эки күн турду күтүп буйрук албай.
Атчандар көз салышат аттарына,
Ишенген канатына жагалмайдай.

Экинчи эскадрон... Кубат анда,
Чыгыштан учуп жеткен турумтайдай.
Саясы жетекчинин кызматында
Сагаттай күнү-түнү иштейт тынбай.

Жоокерге Сталиндин айтат сөзүн:
Коркунуч тууган учур эл башына.
Ажалдын огу тиктейт эрдин төшүн,
Карабай колуктунун көз жашына.

Беттешти өмүр, ажал маңдай тескей,
Арбашып жылан, торгой тиктешкендей.
Жоолошту түн менен күн сөзгө келбей,
Тынуу жок, бири кыйрап, бири жеңбей.

Маселе турат алда эки түрдүү:
Же жашоо, же өлүмгө моюн сунуу.
Же жеңүү кас душманды, же жеңилүү,
Же өрчүү өсүп тукум, же кырылуу.

Өлмөк жок, өлтүрмөк бар катылганды,
Кутузов Наполеонду кыйраткандай,
Көп тууган мекен–эне баатырларды,
Жеңүүчү тууларынын сүрү кандай.

Жеңилбес ким болуптур жер жүзүндө.
Жеңилет Гитлер дагы. Келген–кетет.
Кирген суу тартылгандай күз келгенде,
Көпкөндүн жели чыкчу мезгил жетет.

Бизде бар самолёттор, замбиректер,
Ок да бар миң-миллион жоону аткандай.
Бомба бар жарылганда жер титирер,
Көр даяр бардык фашист бүт баткандай.

Күзгүдөй тунук биздин койгон максат:
Лениндин улуу туусун бербей колдон,
Советтик түзүлүштү калуу сактап,
Көз артып, алкын бузган ачкөз жоодон.

Алдырбоо заводдорду кайра баштан,
Тарттырбоо помещикке элдин жерин.
Унутпай таалай үчүн суудай аккан
Бул жерге эмгекчинин маңдай терин.

Эч кимдин токочуна көз артпайбыз,
Биздин ой, биздии максат тоодой бийик.
Бирөөнүн шыбагасын талашпайбыз,
Айсызга нур чачабыз күндөй тийип.

Алдынан баатырларча чыксак коркпой,
Токтотуу жүргөн селди кыйын эмес.
Ат койсок Невскийдей, Суворовдой,
Канчалык көп болсо да жоо тең келбес.

Түзүлгөн бул эскадрон көп улуттан,
Орус бар, татар да бар, кыргызы бар,
Билбеген айта турган: "бир туушкан".
Баарынын маңдайында жылдызы бар.

Баары да бир табактан аш жегендей,
Бардыгы бир уядан учушкандай.
Бары да бир эмчектн сүт эмгендей,
Суусунду бир чөйчөктөн жутушкандай.

Талпынат чабыт карап канат кагып,
Бардыгын бир мунушкер таптагандай.
Адашкыс кенен, даңгыр жолго салып,
Бардыгын бир жетекчи баштагандай.

Барынын тилеги бир, ою бирдей,
Көп тилде, бир пикирде сөз сүйлөшөт.
Тууган эл, өсүп өнгөн, сүйгөн жерге
Барыбыз аткаруучу иш бир дешет.

Аларга Кубат ага, Кубат ини,
Ар бирин аяп турат бир туугандай.
Болсо да Кубат жап-жаш, кайсы бири
Уялат улук көрүп атасындай.

Кубаттыи эки болбойт айткаи сөзү,
Ал сөздү бир касиет бардай угат.
Кубатты бардыгы да сыйлайт дечи,
Ал үчүн жан кыюуга даяр турат.

Аркадий эскадрондун комаидири,
Кубатты кадыр кылат агасындай.
Билинбейт кими кичүү, кимиси улуу:
Эненин эгиз тууган баласындай.

Экөө да бир бирине ишенишет,
Ага-ини бир бирине ишенгендей.
Бир жатып, тамакты да бир ичишет,
Баратса: бири жолборс, бири шердей.

Аркадий кайтып полктун штабынан,
Угузду мындай буйрук аскадронго:
–Жүктөлдү өтүп ары суу жагынан,
Түн катып, чабуул жасоо Тирасполго.

Максат бул: жоонун бардык күчүн билүү,
Чалгындоо согуш менен от кечкендей.
Оңойбу жоо катарын бузуп кирүү,
Жаңылсаң–жок болгонуң өрт өчкөндөй...

Авадай, суудай керек сактык бизге,
Жүрөбүз түн ичинде алга карай.
Уккула, тыюу салам сүйлөшүүгө,
Абайлап бастыргыла, кийин калбай.

Эч кимиң командасыз мылтык атпа,
Чекпесин тамекини эч бириңер.
Кокустан душман туюп калган чакта,
Солкунтсун кара жерди дүбүртүңөр.

Ураалап ат койгула, сууруп кылыч,
Сезилсин бараткандай армия бүт.
Кезиксе шылып өтүү биздин жумуш,
Фрицтер жандарынан үзсүн үмүт.

Байкалсын тоо көчкөндөй, сел жүргөндөй,
Көрүнсүн көздөрүнө энелери.
Болушсун калган өңдүү үйүн көрбөй,
Билишснн кандайлыгын шердин шери.

Түн ичи. Бир добуш жок. Айлана тынч,
Көчкөндөй башка жакка эч ким калбай.
Эскадрон жолго чыккап, барат тым-тырс,
Аттарда туягынан үн чыгарбай.

Аркадий, жанындагы теңтуш Кубат,
Көргөндүн көңүл черин тараткандай.
Жанаша бастырышып бара жатат,
Буденный, Ворошилов бараткандай.

Алдынан башкы дозор чыкты кайра,
Жол чалып, алып кабар алды жактан:
–Эң алды биздин колдун ушул жайда,
Коргонуу сызыктарын куруп жаткан.

Немецтер токтошуптур кыштактарга,
Эч ким жок эл жок жерде жолду тозгон.
–Тийбестен, катылбастан биз аларга,
Өтөбүз арт жагына токтолбостон.

Буйдалбай эч кай жерге жүрө берди,
Алчулар тойдон байге шашылгандай.
Түштүктөн Слободзейди имерилди,
Чабыттап учуп чыккан шумкарлардай.

Посторун немецтердин өттү жандай,
Токойго кирди бойлоп Днестрди,
Жүрүштү тирүү жанга байкаттырбай,
Пардадай жамынышып айсыз түндү.

Четине Тирасполдун жетишкенде,
Жолукту эки солдат автоматчан.
Патрулдар "Келе жаткан ким?"–дегенче
Жумушун бүттү кылыч Кубат чапкан.

Курчашты четки турган үйдү барып,
Сындырып терезени, баштап Кубат
Киришти үч-төрт жоокер фонар жагып:
Столдо арак-шарап жайнап турат.

Жатышат мас эс-эстер аркы-терки,
Согушта көмүлбөгөн өлүктөрдөй.
Ойгото Кубат бирин бутка тепти,
Ал чоочуп кол көтөрдү сөзгө келбей.

Андан соң ойготушуп жаткандарын,
Бардыгын тургузушту бир катарга.
Калчылдайт билбей алар не кыларын,
Жалдырайт алы келбей сөз айтарга.

Мүйүздөн ажыраган уйдан жаман,
Турушту куралы жок шылкыйышып.
Кебете–көрүнүшү ашканадан
Май аңдып колго түшкөн ууру мышык.

Жан курсун кандай кымбат, кандай ширин,
Көздөрү өтүп барат автоматтан.
Түшүнтүп Кубат айтты: "Көрөт үйүн
Жашырбай, сураганда, чынын айткан".

Айтышты кайдалыгын штабынын,
Немецтик "калп айтпаган" салтын бузбай.
Айтышты кайсы жерде не бардыгын,
Фюрьерге берген антты эске алышпай.

Заматта түшүп калды чаң тополоң,
Байкоосуз асман кулап жарылгандай
Туйганы качып жатты Тирасполдон1,
Кур десе чечип койгон шымын албай.

Быркырап сынып жатты терезелер,
Кагышкан бир бирине хрусталдай.
Өз жерин жандай сүйгөн баатыр жоокер,
Турмакпы душманына бүлүк салбай.

Жарылып граната ыргытылган,
Чыгарды таш талканын тийген жердин.
Кан агып армиянын штабынан,
Үзүлдү кол-буттары фашисттердин.

Тыгырап тынышпады автоматтар,
Бул түнү бүтүрүүчү иши көптөй.
Коркууну унутушкан азаматтар,
Тартынбай кирип барат каптап өрттөй.

Түн көрдү баатырлардын кыргын салып,
Жоо менен жолборсторчо кармашканын.
Аркадий, Кубат экөө кирип барып
Штабдын алып чыкты кагаздарын.

Иш бүтүп, эскадрон чыкты шаардан,
Аркадий эсептеди атчандарын:
Бешөө бар башын таңган, колун таңган,
Үч жоокер мекен үчүн кыйган жанын.

Калганы бардыгы да аман-эсен,
Эскадрон толкуйт көлдөй бөксөрбөгөн.
Турбайбы согуштарда дагы нечен
Чеп мисал жоону шаарга өткөрбөгөн.

Сүрүлдү чыгыш жактан агарып таң,
–"Кайткыла, кечиктиңер, тез!"–дегендей,
Аркадий жол баштады кайра баштан,
Кайтууну эми гана эстегендей.

Жол берди карт Днестр өз жээгинен,
Энедей далдалады калың токой.
Жел согот сылагандай беттеринен,
Карашат ак кайыңдар эски достой.

Мынакей Столобедзея калды солдо.
Бурулду эскадрон чыгыш жакка.
Түндөгү байкабастан өткөн жолго
Кайрадан жылга менен түшкөн чакта.

Кокустан пулеметтор тытырады,
Дозорлор учуп түштү аттарынан.
Аркадий бир кыйкырып, кылыч алды,
Шамалдай сызды баары арт жагынан.

Кылычын Кубат дагы сууруп алып,
Шуңгуду эң биринчи, барчын куштай.
Тспсетип окопторун кирди жарып,
Көрсүнчү шашкан фриц тура качпай.

Шилтеди ак албарсты оңго, солго,
Алмадай ыргып түштү бир нече баш.
Кутулуп эскадрон чыкты жолго,
Ким тозмок тоодон ылдый куласа таш.

Дал ошол учкап таштай ылдам өтүп,
Далайы ок тийгенин сезишкен жок.
Бир кезде Кубат өзүн начар сезип,
Кучактап аттын жалын калды токтоп.

Аркадий кайра тартып келди жетип,
Боз туйгун өз барчынын аягандай.
Карады бүт денесин, кийимин чечип,
Сыркоону адис доктор карагандай.

Ок көзөп өткөн экен акыректен,
Кайышты тешип өткөн шибегедей.
Кан агып, кайран эрдин шайы кеткен,
Жыгылып бара жатат тилге келбей.

Ой-пикирлер