Кирүү

Тоголок Молдо. Дыйкандын аялынын кошогу

Асылым дыйкан жыргалым,
Асылың көрүп жыргадым.
Бала-чакаң жаш калды,
Баркыңды санап куурадым.

Бармактарың барбайтып,
Басаган элең жыргалым.
Ортондоруң оркойтуп
Орокчу элең жыргалым.
Кабыргаңды каржайтып,
Карылуу элең, жыргалым.
Батыра чапкан кетменди,
Байкаган үрөн сепкенди.
Өзү – дыйкан табышкер,
Ойлонбогон өткөндү.

Арыкка суусун бурганым,
Айылга жыйын курганым.
Ак буудай айдап, нанын жеп,
Аштык багып турганым.
Адамдан талап кылбаган,
Асыл элең жыргалым.
Булуңга буудай сепкеним,
Буудайга алган кетмениң,
Кош өгүздү байлаган,
Шайман тиркээч шайлаган.
Кара жерди каңтарып,
Эшилтип эгин айдаган.
Эл кеткенде жайлоого,
Эгиндин башын жайлаган.
Буурусунун буктурган,
Кара жерге суктурган.
–Түгөнбөс кенч эгин –деп,
Сугатчыга уктурган.
Эмгек кыл деген насаатын,
Дыйкандарга жуктурган.
Ат семирткен арпага,
Пайдасы тийген барчага.
"Асыл дыйкан өттү" –деп,
Атагың кетти канчага.

Арыгын терең кең чапкан,
Ак буудай деген кен тапкан.
Дыйкандык кылып дан тапкан,
Жыргатып жакшы жан баккан.
Бурбай эккен буудайды,
Гүлкан1 кылган бу жайды.
Жыргалым дыйкан барында
Жыргап көрдүм убайды.
Адырга сепкен арпаны,
Аян кылган канчаны.
"Талаага сепкен таруу"–деп,
"Табар пайда ушул"–деп.
Конуш кылган колотту,
Колотко сепкен конокту.
Чамынганы жолборстой,
Чарыкка салган орокту.

Булуңга сепкен буурчакты,
Алтын деп билген турпакты.
Ашка-нанга мол кылып,
Тойгузуп турган курсакты,
Пейлинде жактырбайт,
Бекер басып жүрүштү.
Жарышка салып кеп кылган,
Арпа менен күрүчтү.
Тоголок кызыл даны бар,
Токчулук буудай жана бар.
Бурбай айда буудайды
Талыкпай айда тарууну.
Талыктырбайт адамды
Көңүлдөнүп жакшы иште,
Берекелүү алууну,
Тарууга чыгар карууну.
Бакалдар сатат баарыны,
Байкатып айтам шалыны.
Кабыгы сайын дан экен,
Кымбаты дандын шалы экен.
Көлгө урук септирет,
Абыдан ылай тептирет,
Көлгө чыгат көгөрүп,
Сууга чыгат майсалып,
Баасына келтирип,
Бул жаныбар күрүчтү,
Дыйкандар сатат байсалап1
Кызыл болот кээси,
Кымбат болот баасы.

Салаадан майын чыгарып,
Салса болот сорпого,
Бул жаныбар күрүчүң,
Маалим тамак барчага.
Салаадан майы чыкпаса,
Садага кетсин арпага.

Жылжыган Сыргак сен элең,
Сырыңды билген мен элем.
Сырттаным дыйкан, барыңда,
Мен бейбак, эмнеден кем элем?..
Ойдо жаткан таш элең,
Орокчунун башы элең.
Сууда жаткан таш элең,
Сугатчынын башы элең.
Кырда жаткан таш элең,
Кырманчынын башы элең.
Калың кара туугандын
Казанга бышкан ашы элең
Кырды кырдай басканым,
Кызыгып ороо казганым.
Башкага жаман көрүнсө,
Өзүмө жакшы арстаным.
Толуп жатат өнөрүң,
Билбедим сенин өлөрүң.

Береке кирген ашыма,
Пейли жумшак береним,
Ала кар менен аралаш,
Эгинди эрте айдаган.
Суу сугарып, арык чаап,
Саратан чөлдү жайлаган.
Кагылайын дыйканым,
Качкан эмес пайдадан.
Пайда таап эгинден
Арбын кылып айдаган.

"Аккула"–деп кепсенди,
Арбын берген мол кылып,
Ал-кайратын зор кылып.
Башынан дыйкан ийгеним,
Пайдасы журтка тийгеним.
Бала кезден бер жакка,
Эгин айдап жүргөнүм.
Ар кызматы жаккандан,
Эли-журту сүйгөнүм.

Чөптү тоодой көп кылган,
Төгөрөгүн чеп кылган.
Саманын арбын көп кылган,
–Берекелүү дыйкан–деп,
Жалпы калк аны кеп кылган.
Жаманчылык жут күнү,
Чабыр-чубур арыктар
Тегеректеп жеп турган.
Артын байкап санаган,
Артык кадыр самаган.
Жут болгондо топурап,
Малдуулар көзүн караган.

Дыйканымды өлтүрдү,
Баласы мендей какшасын,
Башыма жабыр келтирди.
Эч кылмышы жок эле,
Дыйканымды күнөөлөп,
Жайлаптыр датка өлтүрүп,
Жалпы журтка күбөлөп.
Багымды датка байлады,
Мээнетим бекер сайлады.

Арманын айтып ар качан,
Алганы дартын козгосун,
Казы-мупту жолумдан,
Каршы чыгып тоспосун.
Какшаал казы залымдын
Кара кийип катыны
Тукуму тарап тоз болсун!
Уугу сынып кыйрасын,
Уулу мендей ыйласын.
Керегеси кыйрасын,
Келини мендей ыйласын.
Түндүгү сынып кыйрасын,
Тууганы мендей ыйласын!

Асылым дыйкан курдашым,
Армандуу болду бу башым.
Асылым аман турганда,
Анык эле жыргашым.
Арстаным сенден айрылып,
Арылбады көз жашым.
Керилип кетмен чапканым,
Кетмендей нанды тапканым,
Кенебей жыргап жатканым.
Кейитип кеттиң, арстаным.
Оюлтуп ороо казганым,
Олжону кабат тапканым
Оенум дыйкан, арстаным!

Ой-пикирлер