Кирүү

Төштүк кумурскага жолугуп жолдош болгону

Дагы Төштүк жол жүрдү,
Төрт Маамытты ээрчитип,
Аябастан мол жүрдү.
Түнөргөндөн карарган
Түз талаага кез болду.
Ал талаанын боюнда
Оргуп түтүн бөлүнөт.
Уюгу менен кумурска
Өрткө жеткен көрүнөт.
Элемандын сырттаны
Кумурсканы көргөндө
Көңүлү кетип бөлүнөт.
Элемандын Төштүгү,
Тизеси кетип бүгүлүп,
Чалкуйруктун үстүнөн
Чуркап түштү жүгүрүп:
"Айланайын төрт Маамыт,
Эми мыктап эрдикти
Кумурскага салалык,
Күйүп жаткан байкушту,
Ажыратып алалык"...
Ачып-көздү жумгуча,
Андай-мындай дегиче
Сууга салып бир кийиз
Эр Төштүккө берди эле.
Күйгөн отту жолотпой,
Төштүк сабай берди эле.
Адамдан эстүү Чалкуйрук,
Эр Төштүктүн канаты,
Качан болсо сооп издейт
Жаныбардын адаты.
Чалкуйрук жайы ушундай,
Ары буудан, ары тынч
Жаныбарым Чалкуйрук
Маамыт менен желгени,
Сууга салып токумун
Эр Төштүккө бергени.
Туура жагын жер тыңшаар,
Алып келип берди эле.
Алкым жагын көрөгөч
Алып келип берди эле.
Бери жагын эр Төштүк
Сабап келип берди эле.
Күйгөн отту өчүрүп,
Эрдикти эпсиз салды эле.
Кумурсканы ал өрттөн
Аман алып калды эле.
Бөлөгүнөн тазасы,
Өрттөнүп жаткан кумурска
Кумурсканын пашаасы,
Алкыш айтты мындай деп:
"Күйгүзбөй калдың жанымды,
Алып калдың баарымды,
Айта берсем иш кыйын,
Оюма келет бир буюм,
Баатыр Төштүк, кебимди ук,
Айтканымды көргүн куп.
Жер алдына кабылып,
Бакыр боло берипсиз,
Желмогузга туш келип
Жер астына келипсиз.
Кайгырба, Төштүк сырттаным,
Казып койгон оруң бар,
Кайнатылуу шоруң бар.
Тийише турган эриң бар,
Ошол элге барганда,
Керек болор жерим бар.
Керекке берем бутумду
Береним Төштүк алыңыз,
Мээнеттүү башка иш түшсө,
Белекке берген бутумду
Бир түтөтө салыңыз.
Кумурскаларды кубалап,
Дал өзүңө жетемин,
Жолдошум башка иш түшсө,
Жолдош болуп кетемин",-
Деп ошентип кумурска,
Берен Төштүк баатырдын
Берендигин көрдү эми,
Жулуп алып бир бутун,
Сырттан Төштүк баатырга
Аманат кылып берди эми.

Ой-пикирлер