Абзий Кадыров. Алымбайдын балтеги
Оюнкарак Алымбай
Үйдөн безет табылбай
Бирок тамак ичерде
Кирип келет жаңылбай
Эртели-кеч жарышып,
Балтек менен жаны бир.
Көптү үйрөтүп илешет
Из куутчудай аны бир.
Кошо ээрчитип Балтегин,
Тиштетчүүдөй түлкүнү,
Эдиреңдеп мектепке
Жөнөп калды бир күнү.
Шайдоот басып баратты,
Шайыр үнүн чыгарып.
Балтегине портфелин
Көтөрткөнгө кубанып.
Колун салып чөнтөккө,
Кээде коет ышкырып.
Кээде үнсүз конфеттен
Оозду көздөй тыкшырып.
Жеткен кезде мектепке,
Жеңил ой бой кызытты,
Кол булгады балдарга
Көргүлө деп кызыкты.
Эмне болуп кетти деп
Балдар ичтен таңданып.
Чуркап барып жанына,
Тык токтошту жарданып.
Жалт караса Балтеги
Жилик тиштеп алыптыр.
Алымбайдын портфели
Алда кайда калыптыр.
- Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекованын чыгармачылыгы
- Шырылдаң
- Мидин алыбаев. түгөлбай сыдыкбековго
- Мидин алыбаев. сүйгөнүмдүн сүрөтүнө
- Анатай Өмүрканов. Тоолор жана чоң атам
Ой-пикирлер