Кирүү

Автандил Арабаев. Ашыктыгы Барпынын

Ашыктыгы Барпынын...
(Барпынын таасири менен)

Ашыктык ырын Барпыдан
Ашырып жазган кайсы акын?
Арзыган жүрөк болбосо,
Билиптир анын ким баркын?

Ашыктык отко жандырган,
Барпы акынды Мөлмөлү,
Ышкыдар кылып, кумарсыз,
Какшыткан жүрөк чөлдөрүн.

Ашыктыктын дартинан
Санааркап дили өткөнү,
Кейип жаны, өксүк жеп,
Ырында калды – Мөлмөлү.

Парпырап көлдө өрдөктөй,
Акындын көзүн байлаган,
Мырзайым – сулуу чүрөктөй,
Ырында сүйүү кайнаган.

Жаркырап күндө күмүштөй,
Акындын ойун бийлеген.
Сүйүүсүн Барпы жар салып,
Жүргөнүн кимдер билбеген.

Белегин алып бере албай,
Анысы жүрдү сакталып,
Же ак бетинен өбө албай,
Буракжанга да болду ашык.

Гүлбурак жыты аңкыган,
Гөзал кыз акын суктанган.
Мүшкүлгө салып махабат,
Канчасы ырга шыктанган...

Ашыктык – азап, жалын, чок,
Айлаңды кууруп, түтөткөн.
Ышкысы жанган кумар от,
Арзуудан терең ыр бүткөн.

Ой-пикирлер