Кирүү

Мидин Алыбаев. Кошоматчы

Жолдош Окуучулар,
Эсиңиздерде Бар чыгар,
Чехов жазган "Хамелион".
Учурунда "Хамелион"
Болуучу–
Жалгыз эмес, миллион.
Ал заман,
Эчак жоголгон.
Бирок,
Арабызда азыр да бар
Саркындылар
Ошондон.
Андайды биз да айтабыз:
"Хамелион".
Баары бир кошоматчы болгон соң.
Ошондуктан,
Чехов Антон
Келиштирип,
Ат койгон.

Жолдош окуучу,
Эмкини
Эскинин копиясы деп жүрбө,
Азыркы "Хамелион"
Өңү да,
Өзү да,
Башкача түрдө
Булар бизде,
Жолугушат,
Анда-сандап.
Жүрүшөт өзүнүн начальнигин,
Же анын жээн-таякесин
Чукул жандап.
Булар кылыгын
Сыртка чыгарбайт дуу,
Өзүлөрү куу,
Кошоматчы сүйлөгөндөрдү,
Таап алышат тандап,
Кайсы бирөөлөрдү алдап,
Отун-суусун,
Оңой эле,
Беришет камдап.
Мына ушул кошоматчы,
Начальнигине ичи ысып,
"Мага келсе экен" дейт,
Сизге тийген кырсык.
Кошоматчынын–
Сөзү "сылык"
"Аксакал" дейт,
Фамилиясына тили келбейт,
(Анткени аны тергейт),
Акындыгы жетпейт,
Болбосо–
Жөн эле мактай бермек ыр кылып.
Жыйналышта,
Эчак
Жазылат жарышка,
Сөз алат,
Трибунага барат,
Адегенде,
Астыртан мактай турганын карап,
Анан,
Элге көз салат.
Колунда кагазы
Барак-барак,
"Аксакалынын" ишин,
Сынга алган болот азыраак.
Фактыларды,
Процентти
Бармак менен санап.
Кээ бирөөнү мойнуна алат.
Кээ бирөөнү
Кашкая эле танат.
Суудан жутат,
Таңдайын таптап.
Баштайт
"Аксакалын" мактап.
Ошол кезде элди карабай,
"Эмне деп жатат"
Дегенсип,
Улам бат-бат,–
Президиумга бурулат
Кылчактап.
Токтот десе да болбойт.
Трибунду бек кучактап.
Кошоматчы,
Өзүң айтчы,
Сени жакшы көргөндүн–
Өзү кошоматчы.
Ойлосоң керек,
"Менин,
Кылганымды көпчүлүк сезбейт".
Биздин заманда,
Сага,
Эмне жетпейт.
Кошоматты койбосоң,
Коом сени жектейт!

Ой-пикирлер