Кирүү

Касым Тыныстанов. Кышкы түндө

КЫШКЫ ТҮНДӨ

Чыкылдап, темир аяз түндү бийлеп,
Так куруп, аттар таңга каршы сүйлөп.
Бук кылат, ич бышырат, отко салат,
Бир эсе тынч жүрөктү мыкчып сүйрөп.

Шам жанат жалкоолонуп бүлбүлдөгөн,
Түшүрүп начар шоола үлбүрөгөн,
Кыз ырдайт кубулжутуп ачуу, таттуу
Үн менен ак жибектей үлпүлдөгөн.

Айткан ыр түпкү сырын жүрөгүнүн,
Көрсөтөт неде экенин тилегинин.
Кейде ыйлап, кейде жандан аша кечип,
Зарданып кейде эркиндик тилегенин.

Чарчаңкы чалган комуз толкунданып,
Бир төмөн, бир жогору күүлөр чалып.
Бир какшап, бирде таңшып, кейде так-так,
Эмизип, энем айткан үнгө салып.

Тууган күү каргылдантып саймалуу үнүн,
Өрөпкүп, токтото албай мууну-жүүнүн.
Сыр төгөт жара жапкан көкүрөгүнөн
Тамшанып сагынганын өткөн күнүн...

Кыз, комуз зардап айткан үнүн угуп,
Элирип, эт жүрөгүм катуу булкуп,
Секирет найза тийип, туз куйгандай,
Кабынан чыгуучудай үзүп, жулкуп...

Чыкылдап темир аяз түндү бийлеп,
Так куруп, атар таңга өкүм сүйлөп,
Бук кылат, ич бышырат, отко салат,
Ьир эсе тынч жүрөктү мычкып сүйрөп...

Ой-пикирлер