Автандил Арабаев. Ырдагым келет, ырдагым
Кыялдын чертип кылдарын,
Жүрөктүн чечип сырларын,
Кыналып ырга ырларым,
Ырдагым келет, ырдагым.
Махабат күүсүн черткилеп,
Жан дүйнөм сага арнагам.
Бактыңа бакыт энчилеп,
Ашыккан жаным ыр жазам.
Ырлардын издеп ыргагын,
Сүйүүнүн дарты ырбады.
Алоолоп жүрөк турганын,
Ырларым ырдап тынбады.
Сезимдин козгоп кылдарын,
Сезимтал жаным кыйнадың.
Сүйүүнүн арзуу ырларын,
Ырдагым келет, ырдагым...
- Токтосун Самудинов. Мышык
- Мидин Алыбаев. Кыз жана гүл
- Акбар Рыскулов. Кел, кечигели!
- Алыкул Осмонов. Бөбөккө
- Аман Токтогулов. Ибарат
Ой-пикирлер