Кирүү

Касым Тыныстанов. Ала тоо

Кечиккен соң зарыгып,
"Унутту" деп таарынып.
Коргоол менен күн санап,
Жүргөндүрсүң камыгып.
Түндө жатып уктабай,
Күндүзүндө токтобой,
Жолоочудан жол сурап,
Кургандырсың, Ала-Тоо!

Баламдан кабар өчтү деп,
Санаймын эрте-кечти–деп
Кагылбаган жаш балам,
Кандай жолго түштү–деп.
Зардап ыйлап, үн салып,
Башыңа түшпөй күн чалып,
Дөңдөн түшпөй эрте-кеч
Тургандырсың Ала-Тоо!

Айлар, жылдар өттү–деп,
Кабарсыз болуп кетти–деп,
Катпаган балтыр баламды
Кимиси мерт этти–деп,
Булуттан жоолук оронуп,
Ак чачың музга боелуп,
Көз жашың менен сай-сайды
Жуугандырсың, Ала-Тоо!

Балама залал болор–деп,
Кийимсиз болсо тоңор–деп,
Жолдо болсо жаш балам,
Жүрүүгө болсун оңой–деп.
Каршы туруп ызгаарга,
Күч көрсөтүп муз-карга,
Түштүк, түндүк катташын
Буугандырсың, Ала-Тоо!

Жер сагынбас эл болбос,
Эл сагынбас эр болбос.
Жатка моюн сунгандай
Эр жүрөгү кир болбос.
Какпаган кирпик көзүңдү,
Муңканып айткан сөзүңдү.
Ким унутуп кетмекчи,
Зарыкпагын, Ала-Тоо!

Жардамчы болгон кезде арбак,
Эр жигит кимге сайдырмак.
Канжыгадан баш чечпей,
Кимге мөөрөй алдырмак.
Эрмин деп сенден мен туулсам,
Эр деп мени сен туусаң.
Мени ким мерт этмекчи,
Камыкпагын, Ала-Тоо!

Жаңы тестер болгондо,
Эл жайлоого конгондо.
Козу жайып өндүргө,
Ышкынга жыргап оңгондо.
Чакырышып той берип,
Мартсынышып, бой керип.
Жуурат куйган жалпак таш
Али эсимде, Ала-Тоо!

"Он алты" достум жеткенде,
Жайлоого көчүп өткөндө.
Көч үстүнөн селкиге
Көз ымдап өтө кеткенде.
Чыдабай селки: "Ойт! чу! ай!"
Деген кезде капчыгай,
Үнүн созгон чыдабай,
Баары эсимде, Ала-Тоо!

Кийин кандай күн болду,
Кимдер көчтү, ким конду.
Неге десең бооруңда
Тура албадым мен оңдуу.
Мурун сенден көргөндүн,
Сен эсептеп бергендин
Чыпчыргасы коробой,
Баары эсимде Ала-Тоо!

Каргыштын шамы жанганда,
Жазыксыз кандар тамганда,
Таяныч издеп тырмалап,
Жөө жалаң жолго салганда.
Долуланып, солкулдап,
Алай-дүлөй толкундап.
Узатып салган Ысык-Көл
Зары эсимде, Ала-Тоо!

Мен аманмын, барамын,
Мүнөзү бар балаңын.
Кашкайып чыкпай, караансыз
Колуңду кантип аламын?
Эң биринчи саламым–
Саган арнап жазганым,
Жакшы саатта күтүп ал,
Бул белегим, Ала-Тоо!

Кеп жашадың, көп көрдүң,
Ачуу-таттуу жеп көрдүң.
Тагдыр чапкан балтага
Кыңк этпедиң, эп көрдүң.
Илгерки күндөр үрөйүн,
Жемденгендей жүрөгүм.
Эркелетип сүйлөсөң,
Бул тилегим, Ала-Тоо!

Ой-пикирлер