Кирүү

Калыгулдун насыят, санат ырлары

Шатыратып күн жааса,
Жерге жагат дечү эле.
Жакшы чыккан азамат
Элин билет дечү эле.
Ошол адам ойлосоң,
Кимден чыгат деп айткан.
Ушул турган калайык,
Элден чыгат деп айткан.
Алтын-күмүш асылдар
Жерден чыгат деп айткан.
Текши жерге тегирмен,
Жүрүп турат деп айткан.
Тегеренип баарысын,
Билип турат деп айткан.
Кызыл, кызыл кыялар,
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз-жигитти кубалаар.
Жашыл ала кыялар,
Жагалмай талга уялаар.
Жакшы заман келгенде,
Жаштар бизди кубалаар.

Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айткан.

Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат деп айткан.
Узун чөптүн баарысын
Оруп чыгат деп айткан.
Кыска чөптүн баарысын
Коруп чыгат деп айткан.

Эркек үндүү аялдын
Уяты жок,
Катын үндүү эркектин
Кубаты жок.

Өгүз мүйүз инектин
Сүтү болбойт.
Инек мүйүз өгүздүн
Күчү болбойт.

Кээ бир адам күркүрөйт,
Магдыры жок,
Кээ бир адам достошот,
Тамыры жок.

Жылдан жылга замана
Кыйын чыгат ошондо.
Эсеп кылып, мал алган
Тыйын чыгат ошондо.

Андан кийин билимдүү
Атың чыгат деп уктум.
Түрдүү ошондой акылдуу
Аяр чыгат деп уктум.
Калайыкты бийлеген
Аял чыгат деп уктум.
Албан түрлүү ушундай
Заман чыгат деп уктум.

Кийин чыккан адамды
Илим билген амалдуу
Аяр болот деп уктум.
Кандай кылган жумушка
Даяр болот деп уктум.
Ошондогу адамдар
Молдо болот деп уктум.
Миңген атың карасаң,
Жорго болот деп уктум.

От араба, дилгирем,
Жол кыскарат ошондо.
Этек, жеңи чолоюп,
Тон кыскарат ошондо.

Айттырбаса, жедирбей,
Аяр болот ошолор.
Жоо дегенде, дегдеген
Даяр болот ошолор.
Түн ичинде уктабас
Баатыр болот ошолор.
Бысмылданы айтпаган
Каапыр болот ошолор.
Жарды, байы билинбей
Жалпы болот ошолор.

Кара жердин бетине
Аштык чыкпай, жер калбайт.
Атасынын сөзүнө
Бала кулак көп салбайт.
Атанын тилин бала албайт,
Андан артык биле албайт.

Кыйкырганы бел ашпай,
Үн кыскарган бир заман.
Кылса жумуш бүтпөгөн,
Күн кыскарган бир заман.
Кожо-молдо жоголуп,
Дин кыскарган бир заман.
Орозо-намаз окубай,
(Дин) Тил кыскарган бир заман.
Ошол жакшы, биз жаман,
Өтүп барат бир заман.
Биз жүргөн жер тар заман,
Кийин келээр зар заман.

Кайгысыз киши карыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.

Беш тогоол өтпөй, жай болбойт,
Пейли тар киши бай болбойт.
Көп болуп жылдыз ай болбойт,
Көөнү тар адам бай болбойт.

Жаман ишке киришпе
Акылы бар боз бала.
Алал ишти козголо
Акылдууга дос бала.
Акылсызга жолобо,
Жолугасың тайгакка.
Тайгаланып жыгылба,
Кудайга үнүң угузба.

Жаман иштен качып өт-
Жакшылыкка жетесиң.
Кокусунан жаманга,
Жолукпагын нааданга,
Арманда болуп кетесиң,
Аманат жандан кечесиң.
Жакшы кепке шашпагын,
Сабырлык менен барасың.
Акыры түбү ошондон,
Жакшылыкты табасың.

Этеги жок, жеңи жок кийим чыгаар,
Эң кийинки баласы кыйын чыгаар.
Акча кагаз бул болуп тыйын чыгаар,
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Күндө кеңеш бир жакшы жыйын чыгаар,
Андай өңдүү бир заман кийин чыгаар.
Этек-жеңи чолоюп чапан чыгаар,
Эң кийинки баласы тапан чыгаар.
Эки башын кайкайтып кайык чыгаар,
"Эримди өзүм бийлейм" деп зайып чыгаар.

Мээнет кетпейт бечелден,
Сөз кутулбайт чеченден.

Теректин түбү тыт болот,
Жаман адам кырт болот.
Жамандын баары таарынчаак,
Ар бир ишке корунчаак.

Акылы бар азамат,
Ар бир сөзгө казанат.

Алгыр болсо тайганың,
Алтындан таап, каргы так.
Ала албаса андайды
Айлансын аштан, башка чап.
Күлүк болсо тайганың,
Күмүштөн таап, каргы так.
Күйүп кетсең жаманга,
Күйүп жүрбөй, башка чап.

Алтын мөөр, ай мончок,
Адамга кайдан табылат?
Алганың жаман болгон соң,
Абийириң кайдан жабылат?

Эр адамдын жаманы
Жүрүшүнөн кул болоор.
Ургаачынын жаманы
Кыялынан тул болоор.
Акылдуунун айтканы,
Абайласаң бул болоор.

Там бир жылы көбөйөөр,
Дарак бир жерден көгөрөөр.

Каркыра катары менен жүрөөр,
Кадырын билген киши билээр.

Унчуккандан унчукпаган жакшыраак,
Унчуккандын башына тиеэр таяк.

Акыл, макал- экөө бирдей келээр.
Ал экөөнүн айтканы тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.

Жыйырма менен отуз жаш-
Өтсө келбейт ал кайтып.
Желип өмүр өткөн соң,
Жигит болбойт чал кайтып.
Аргымак атың арыса,
Алмагы кыйын жал кайтып,
Чынарын кессең түбүнөн,
Чырпык болбойт тал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыкса келбейт жан кайтып.
Кетсе дөөлөт колуңдан,
Келмеги кыйын мал кайтып.

Жигиттерге кыз жакшы,
Мүнүшкөргө куш жакшы,
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул жалганда нур жакшы,
Булбулдарга гүл жакшы.
Муңдуунун черин жазууга,
Булбул күбө тил жакшы.
Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Окусаң илим үйрөнүп,
Орундуу жазган кат жакшы.
Сараңдардын миңинен
Жалгыз да болсо март жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.
Медери жок туугандан,
Бек кармашкан жат жакшы.
Кеби жаман катындан
Келте ооруган дарт жакшы.
Мөмөсү жок дарактан,
Жапайы чыккан тал жакшы.
Адамдын учаар канаты –
Аз деле болсо мал жакшы.
Каз-өрдөккө көл жакшы,
Катындарга эр жакшы.
Бербесе да медерлүү,
Берекелүү эл жакшы.
Чар тарапка мал оттоп,
Чарба малга тоо жакшы.
Качса кетет кутулуп,
Кийиктерге зоо жакшы.
Жакшы болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.

Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таяр алтын так.

Ары жок – күлкүчү,
Санаасы жок – уйкучу.

Аюу аманын тилейт,
Акмак жаманын тилейт.

Орой киши баатыр болоор.
От чыкпай жериң такыр болоор,
Ошол заман жакын болоор.
Аягың таш болоор,
Кулуң баш болоор.
Тууганың кас болоор.
Корооң бош болоор.
Мингениң жыгач ат болоор.
Кылганың касам ант болоор.
Ыгы жокко жан берип,
Ыйманынан жат болоор.

Бактылууну карасаң,
Муз үстүнө от жагат.
Багы жокту карасаң,
Кургак үйдөн суу тамат.

Ой-пикирлер