Кирүү

Жарамазан

Ассалому алейкум, жарамазан,
Он эки айда бир келчү орозо жан.
Орозоң кабыл болсун кармаган жан.
Адыр-адыр тоолордон,
Айгыр минип мен келдим.
Айгыр оозун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Будур-будур тоолордон,
Бука минип мен келдим.
Бука мурдун тарта албай,
Ушул үйгө туш келдим.
Ушул үйдүн үзүгү,
Ак кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Азыраак уктап, тыңдачы!
Ушул үйдүн үзүгү,
Көк кочкордун чуудасы,
Ушул үйдө жеңейим,
Көп уктабай, тыңдачы.
Курут алып жатат бейм?
Курут болсо алып чык,
Катыр-кутур чайнайлы.
Курут берип кубантпа,
Куру сөзгө жубатпа!
Таруу берип тамшантпа,
Таң аткыча какшатпа!
Улак берсең албаймын,
Караңгыда бакыртып,

Ушул үйдүн үзүгү,
Үзүлүңкү көрүнөт.
Ушул үйдө жеңейим.
Сүзүлүңкү көрүнөт.
Төбөдөгү төрт жылдыз.
Батайын деп баратат.
Мингеним жаман тай эле,
Жатайын деп баратат.
Шалдыр-шулдур шакек чык,
Саймалама жоолук чык!
Жоолукту белге чалабыз,
Шакекти колго салабыз.
Чымы-чымыр-чымыр чык,
Буудай майлап кууруп чык!
Бычак учу жылтырайт,
Май томуруп жатат бейм?
Майың болсо алып чык,
Сака, мурут майлайлы.
Казан-аяк калдырайт,
Убалына калбаймын.
Эртең-бүгүн деп коет,
Катыным жаман киши эле,
Карышкыр, бөрү жеп коет,
Бука берсең шайлап бер,
Мурунтугун байлап бер.
Мурунтугун үзбөсүн,
Какылдаган ырчыңдын,
Кардын жара сүзбөсүн.

Ой-пикирлер