Дүнүйө
Асман, Ай, жылдыз бүткөндө,
Улангансың, дүнүйө.
Жер титиреп бүткөндө,
Куралгансың, дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың, дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде,
Куп жараттың, дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичинде,
Кут жараттың, дүнүйө!
Жан-жаныбар, бүлөнү,
Бүт жараттың, дүнүйө.
Көбөйттүрүп ар жакка,
Шүк тараттың дүнүйө.
Булбул менен чымчыкты,
Бакта кылдың, дүнүйө.
Баардагы пашааны,
Такта кылдың, дүнүйө.
Аркар менен кийикти,
Ташта кылдың, дүнүйө.
Жетип алар ажалды,
Башта кылдың, дүнүйө.
Бир-бирине окшотпой,
Башка кылдың, дүнүйө.
Эки беттин албырган,
Нурун алдың, дүнүйө,
Атасынан баласын,
Мурун алдың, дүнүйө!
Сайдагы жолду карачы:
Сары килем жаптырып,
Сары аркан менен таттырып,
Санжырга менен төө өткөн.
Саймалуу калпак кийгенден,
Сайышып жоого киргенден,
Санатсыз нечен эр өткөн.
Адамдан артык туулган,
Ааламга салган чуулган
Атабыз Манас шер да өткөн!
Капталда жолду карачы:
Карагер жылкы бээ өткөн,
Калы килем жаптырып,
Кара аркан менен тарттырып,
Көркөмдүгүн арттырып.
Калкайып каймал төө өткөн,
Кайырма калпак кийгенден,
Кайрылбай жоого тийгенден,
Кармашып жоону сүргөндөн.
Көкчө менен Алмамбет,
Кошой, Сыргак, Чубактай,
Көк жалдардай шер да өткөн!
Тоо бузулуп, түз болду,
Токтоп айтар иш болду.
Түз бузулуп, тоо болду,
Түзүктөп айтар иш болду.
Бел бузулуп, жер болду,
Белгилеп айтар кен болду.
Эгини менен жер өттү,
Эрдемсинген эр өттү.
Жер каптаган сел өткөн,
Жаңырган далай эл да өткөн!..
Буга күбө ким болду?
Асмандагы жайнаган,
Ай, жылдыз менен Күн болду.
Көрбөгөн да билбеген,
Канча жан өлүп тим болду!
Дагы күбө ким болду?
Чарчаганды билбеген,
Чатак салып жиндеген,
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып желдеген.
Кармасаң колго келбеген,
Же көрүнбөгөн көзүңө.
Же келбеген эсиңе.
Булутту айдап түрүлтүп,
Бир ачуусу келгенде,
Белди ашыра сүрүлтүп.
Шамал күбө бул болду!
„ Байыстабай бир азга,
Өткөнүн көрчү, дүйнөнүн.
Артынан жоо куугансып,
Көчкөнүн көрчү дүйнөнүн.
Бир жалбырттап, бир жерде,
Өчкөнүн көрчү, дүйнөнүн!
Кирген суудай шаркырап,
Акканын көрчү, дүйнөнүн.
Жерден берип ырыскы,
Бакканын көрчү дүйнөнүн.
Түгөнбөгөн мезгилден,
Ашканын көрчү, дүйнөнүн.
Чакырып тойго жаткансып,
Шашканын көрчү, дүйнөнүн!
Күн менен түндү камчылап,
Өтүп жаткан, дүнүйө.
Журттан-журтка ташынып,
Көчүп жаткан дүнүйө.
Бири күйсө, бирөөбү, –
Өчүп жаткан дүнүйө!
Түшпөсүн деп Ай, жылдыз,
Бышык кылган дүнүйө.
Таң калтырып, адамды,
Кызык кылган дүнүйө!..
Өлүм менен коркутуп,
Сызык кылган дүнүйө!
Баш учуна күлүк ой,
Учуп жеткис дүнүйө.
Ойлоп-ойлоп отурсаң,
Түбү чексиз дүнүйө.
Керемети дүйнөнүн,
Эстен кеткис дүнүйө!..
Күндүн нуру сыяктуу,
Күйүп турган дүнүйө.
Баласындай алпештеп,
Сүйүп турган дүнүйө.
Кайра баштап, кайгыны,
Үйүп турган дүнүйө!
Башчы болуп жүрсүн деп,
Баш жараткан, дүнүйө.
Ооз, мурун, көз үстү,
Каш жараткан, дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде,
Саз жараткан, дүнүйө.
Акылманды ар элде,
Аз жараткан, дүнүйө!
Кор болбостон жүрсүн деп,
Акыл берген дүнүйө.
Жердин үстүн тепсетип,
Бакыр берген дүнүйө.
Кээ бир жерге чөп бербей,
Такыр берген дүнүйө!
Кыдырсын деп Ааламды,
Шамал кылган дүнүйө.
Оргон буудай өзөгүн,
Саман кылган дүнүйө.
Түрдөн-түргө өткөрүп,
Амал кылган, дүнүйө!
Жарык кылган Ааламды,
Күнү сонун дүнүйө.
Асмандагы Ай, жылдыз,
Түнү сонун дүнүйө.
Жаз чыкканда жайнаган,
Гүлү сонун дүнүйө.
Булбулдардын сайраган,
Үнү сонун дүнүйө.
Төрт түлүгү жайлаган,
Төрү сонун дүнүйө.
Төрлөрүндө жайнаган,
Чөбү сонун дүнүйө.
Каз-өрдөгү калкыган,
Көлү сонун дүнүйө.
Айта берсем ыр менен,
Көбү сонун дүнүйө.
- Байтемир Асаналиев. Гүл кыстарат
- Осмонаалы Сыдык уулу
- Абзий Кадыров. Кадыбайдын каргасы
- Сооронбай Жусуев. Алакан
- Шырылдаң