Кирүү

Абзий Кадыров. Кадыбайдын каргасы

Темир канат таан алып
Келген күнү атасы,
Ыргып турду Кадыбай,
Колдон ыргып сакасы.
Карга болуп эрмеги,
Кээде жакпай бергени,
Турганда да таң атпай
Биз барчубуз көргөнү.
Канат куйрук жетилип,
Учкан кезде ал карга,
Оболобой тоо жакка
Ынак болду балдарга,
Кеч киргенде үргүлөп,
Кайгырабы ким билет?
Күндүз болсо ар качан
Балдар менен бир жүрөт.
Балдар барса окууга,
Калбайт үйдө жер карап.
Бир классташ өңдөнүп,
Мектепке да бир барат,
Угулганда коңгуроо,
"Каак"–деп үнүн чыгарат,
Канаттарын чапкылап,
Ушунчалык кубанат.
Танаписте ойнойт ал
Тиштей качып топусун.
Бакка конуп күтөт ал
Бүткүчөктү окуусун.
Эдиреңдеп Кадыбай
"Беш" алганда сүйүнө.
Кат тиштетип каргага,
Берип иет үйүнө.
Илил келет бирөөнүн
Кээде сызгыч, каламын,
Шакек, иймек, тарагын,
Китебинин барагын,
"Шайтан карга" атанып
Такыр бүтпөй чатагы.
Маалим болуп айылга,
Алыс кетти атагы.
Антсе дагы карганын,
Биз жактырган жагы көп.
Жоголгонун жоктон таап,
Алкыш алар дагы көп.
Эртең менен каргасы:
"Калбагын,–деп,–курбуңан"
Эки чокуп ойготот
Кадыбайдын мурдунан.
Теңир жалгап бул бизге
Болду деп бир ылаажы.
Баарыдан да каргага
Ата, энеси ыраазы.

Ой-пикирлер