Кирүү

Арстанбек Буйлаш уулу

Арстанбек Буйлаш уулу 1840-жылы Ысык-Көлдүн Сыртында туулат. Анын балалык чагы атасы Буйлаштын жана ага туугандарынын кой-козусун кайтаруу менен өтөт. Арстанбек Буйлаштын жана ага-туугандарынын кой-козусун кайтаруу менен өтөт. Арстанбек Буйлаштын салбыр аялынан төрөлгөндүктөн, улуу аялдын балдарына тең ата боло албай чоңоет. Үстүнө курумшудан башка кийим кийбей, тое тамак жебей, эптеп борбуюн көтөрөт.
Карыялардын айтуусуна караганда, жаш кезинен эле чыйрак чыгып, ырга жана комузга шыктуу болгон. Ал "Кожожаш", "Бердикожо", "Беш казак" аттуу кенже эпосторду айта билген. "Тар заман" Арстанбектин эң көлөмдүү чыгармасы болуу керек. Тилекке каршы, бул поема да акындын калган ырларындай эле бизге толугу менен жеткен жок.
Атасы Буйлашты ээрчип, Арстанбектин Анжыянга барышы акындын ырчылык чеберчилигинин жогорулашына, анын атак-даңкка ээ болушуна көмөк көрсөтүп, кийинки тагдырына олуттуу таасир тийгизет. Арстанбек Алымбек датканын жанында жүрүп, той-тамашалардын үстүндө болот. Анжыян тегерегин бүт кыдырып, көп эл, көп жер көрөт. Далай комузчу, ырчылар менен беттешип, аларды жеңет.
Арстанбек кыргыз элинин башынан өткөн бир нече оор окуяларды көрөт. Кокон хандыгынын үстөмдүгүн, бугу-сарбагыш чабыштарын, Кененсарынын кыргыздарга жасаган чабуулун жана орус падышалыгынын Кыргызстанда жүргүзгөн колониялык саясатынын чекебелин көрүп, 1882-жылы 42 жашында дүйнөдөн кайтат.
Арстанбектин "Тар заманы" акын Калыгулдун "Акыр заманы" менен өтө окшош экенин ачык байкоого болот. Арстанбек Калыгулду көрбөсө да, мурунтан угуп-билип, андан нуска алганы көрүнүп турат. Эки акындын ырларынын багыты, мазмуну өтө окшош болгондуктан, айрым учурда аларды ажырата билүү оңой-олтоң иш эмес. (Акындын туулган жана дүйнөдөн кайткан жылдары жөнүндө ажырым пикир бар.)

Ой-пикирлер