Кирүү

Сулуулар деген канча бар

Сулууга менмин жар салар,
Чок салат тура көздөргө.
Чогулуп келип жанса алар,
Бир тойдон көрдүм сулууну.

Бир тойдо болдум жакында,
Июль айдын башында.
Оймок сулуу отурду,
Ортонку жигит кашында.

Карайлатат көз деген,
Карады кара көз менен.
Калың отургандардан,
Калбады киши сезбеген.

Улам мени карады.
Уланып көздүн барагы.
Учурдагы замандай.
Учуп турду кабагы.

Мүчөлөрү келишет,
Мүчөлөрүмү эритет.
Мен эмес баары отурган,
Мээримин ага төгүшөт.

Анткени көздөр талашат.
Ар бири ага жанашат.
Ал эми байкуш мен дагы.
Ага салам сарасап.

Жазмыш сени зерикпей,
Жасаган экен эрикпей.
Тулку боюн карачы.
Толгосу жеткен эликтей.

Көз менен гана купташтык.
Кеп учу менен жытташтык.
Көбүнөн элдин мукурап,
Көздөшпөдүк учурап.

Карачы жүзү мөңгүдөй,
Кантип турам эргибей.
Жеринен таап жеңишти,
Жетсем болду мүргүбөй.

Көзүнүн карасына,
Чачынын арасына.
Күзөтчү болсом гана,
Бетинин талаасына.

Киши эмес сага чымынды,
Коет элем жолотпой.
Сулуулукту жараткан,
Берген экен коротпой.

Тазалыгың белгилеп,
Таалайыма келди деп.
Карамакмын күн-түнү,
Кандай кудай берди деп.

Тарамакмын чачыны,
Жөлөмөкмүн башыңы.
Осмого боеп турмакмын,
Он мүнөттө кашыңы.

Колуңа суу куймакмын,
Максатыңды туймакмын.
Тартынбастан уялбай,
Төшөгүңү жыймакмын.

Кол чачыгың болмокмун,
Көз толтоңо толмокмун.
Коруп суук көздөрдөн,
Карегиңе конмокмун.

Туз болмокмун ашыңа,
Туу болмокмун кашыңа.
Жашамакмын жепжеңил,
Жаш кошулуп жашыма.

Бетмайың болуп бетиңе,
Беш маал келип эсиме.
Гүл болуп өнүп калмакмын,
Айына чыгып төшүнө.

Упан болуп катылган,
Ууздай сүйүү ашырган.
Упайымды көбөйтүп,
Утуру мага ташынган.

Жашайт элем сүйүнүп,
Жалпыга жашоом билинип.
Өтө жеңил өтө сак.
Өтөт беле тирилик.

Кароолчуң болуп бир жагы,
Карыбайт элем бир дагы.
Колдойт беле акын деп,
Короомдогу гүл дагы.

Токуш Чолпонбаев

Ой-пикирлер