Кирүү

Калыгулдун терме, санат ырлары

Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы.
Ырдагандын баарысы
Санат болот турбайбы.

Аттууну коюп, жөөнү айтам,
Арбак конгон дөөнү айтам.
Катар-катар лөктү айтам,
Калп айтпаган төптү айтам.

Көкүрөк чечен болбосо,
Көзү көрүп не кылат.
Жан кыйналат дебесек,
Жардылыктан ким өлөт?

Кара килең болбой, кар кетпейт,
Капсалаң болбой, жут болбойт.
Кара өзгөй болбой, доо болбойт.
Шагылы болбой, зоо болбойт.
Шайыры болбой эл болбойт,
Пейили жакшы кем болбойт.

Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Булбулдун мукам үнү бар.
Тайлактын таза жүнү бар.

Коргондуу жердин ору бар,
Улуктун катта зору бар.
Экинин бири болбогон
Кембагал эрдин шору бар.

Аскар, аскар, аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң, жат болот.

Теректин түбү тыт болот,
Жаман адам кырт болот.
Каарына алганда,
Ак жайдын күнү жут болот.

Ак бөкөн келип жыгылат
Алдын казып ордосо,
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.

Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо.

Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо.

Бу дүйнөдө не карып?
Сатылбаган бөз карып.
Айтылбаган сөз карып,
Замандашы болбосо,
Карыя болоор тез карып.

Кадырын жеңе билбесе,
Бойго жеткен кыз карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдың чалкар көл карып.
Улук адыл болбосо,
Убара болот эл карып.

Жалтаңдын башы зоо болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
"Баягымды бергин" деп,
Эки айдан кийин мушташат.

Кетсе дөөлөт колуңан,
Келмеги кыйын мал кайтып.
Келе деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып.

Чырпыгың сынса талыңдан,
Чынар болбойт ал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыккан жан келбейт ал кайтып.
Өткөн өмүр -качкан куш,
Колуңа келбейт ал кайтып.

Катынды мээнет чырмаса,
Каяша айтат эрине.
Жардыны мээнет чырмаса,
Аштыгы чыкпайт жерине.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып, таз болот.
Келинди мээнет чырмаса,
Кайненеси кас болот.
Кызды мээнет чырмаса,
Атасынын төрүндө
Көп олтуруп кор болот.

Тузду мээнет чырмаса,
Даты чыгып шор болот.
Манапты мээнет чырмаса,
Түбү менен кор болот.
Атты мээнет чырмаса,
Аягынан басынат.
Төөнү мээнет чырмаса,
Котур болуп кашынат.
Байды мээнет чырмаса,
Ашканага жашынат.

Кырчын айтат талмын деп,
Кемер айтат жармын деп.
Чымчык айтат кушмун деп,
Чырпык айтат салмын деп.

Жекендүү көлдүн бал камыш,
Жылкы салса, от жанат.
Уулу жаман болгон соң,
Дөбөдөй болгон атасын
Төө үстүнөн ит кабат.

Булбул үнүн эшитпей,
Буралып гүл ачылбайт,
Муңдуунун үнү басылбайт.
Күкүк үнүн эшитпей,
Күн жайланып ачылбайт.
Күйүттүү болгон адамдын
Күндө үнү басылбайт.

Боло турган азамат
Болоттон кылыч байланып,
Жоого тийсе, сүрү бар.

Тамды тешээр уурунун
Сабы кыска чоту бар.
Боло турган жигиттин
Жүрөгүндө оту бар.

Аргымак мойнун ок кесет.
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы-
Аркы-терки басканы.
Азамат эрдин азганы-
Көчкөндө жөө басканы.

Аргымакта жал жок деп,
Жолго таштап кетпеңер.
Азаматта мал жок деп,
Жоого таштап кетпеңер.

Өзөндүү сууга тал бүтөт,
Өлбөгөн кулга мал бүтөт.
Мал бүткөнчө иш кетет,
Ага-инидей дос кетет.

Куурай чыкпас куу такыр,
Куурай чыгып бергенде,
Кулун чуркап өтө албайт.
Мал жыйылып күткөндө,
Айдап журтка жете албайт.

Жаман атты буйга мин,
Түнөп калган уйга мин.
Чанач алып, сууга мин.
Ишенимдүү жакшы атты
Көтөрүлгөн тууга мин,
Кулак тунган чууга мин.

Атың кашаң болгон соң,
Аштан, тойдон калган соң-
Күлүктүгү не пайда?
Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң-
Сулуулугу не пайда?

Этекти кессең, тон болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Желкени кессең, тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт,
Жээн-тагаң эл болбойт,
Жеке тамчы сел болбойт.

Жалгыз өлсө, чуу чыкпайт,
Жар куласа, суу чыкпайт.
Ак чыңгыл тоонун этегин
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт.

Ак кула аттар кимде жок,
Жүгүрбөсө тайча жок.
Ага-тууган кимде жок,
Сыйлашпаса, жатча жок.

Бедери жок торкодон
Бек токуган бөз жакшы.
Медери жок туугандан
Бек сүйлөшкөн жат жакшы.

Алтындуу ээр атка бап,
Атка тынчы жок болсо,
Алтынын алып, отко жак.
Акылдуу тууган болбосо,
Акырын айтып, жатка жак.

Күмүштүү ээр атка бап,
Күлүккө тынчы болбосо,
Күмүшүн алып, отко жак.
Күйөөр тууган болбосо,
Күлө багып, жатка жак!

Ой-пикирлер