Кирүү

Сооронбай Жусуев. Алакан

Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.

...Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.

Самак айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?
Мына балам! Сен баламды карасаң...
Ал бала эмес. Турду кагаз үстүндө
Беш манжалуу кичинекей алакан.

Самак өөп, кагаз бетин жапты да,
Улутунду: –Бала кандай жакшына!
Ошол түнү алакандуу кагазды
Коюп жатты жаагынын астына.

Далай өөп Самак ошол сүрөттү.
Далай жолу алмаштырдык түнөктү.
Бир кыштакка кирип бардык жоо сүрүп,
Дүкүлдөтүп үмүтү жок жүрөктү.

Бир короодо бала турат байлануу,
Бул не шумдук?! Таппай калдык айланы.
Жардам сурап бала колу эрбеңдеп,
Бала көзү бизден өтүп жайнады.

Баланы биз аң-таң калып карасак,
Баарыбыздан Самак тура баласак–
Наристени бошотууга байлоодон
Аттап-буттап чуркап кетип баратат.

Ыйлап турган ал балага таңылып,
Жеткен кезде атасындай сагынып,
Кара түтүн, боз топурак бурк этти
Коюп койгон жоо минасы жарылып...

Андан ары мен айталбай баратам,
Айткан сайын жүрөгүмдү канатам:
Экөө тең жок... Жерде жатты бир гана
Купкуу болгон кичинекей алакан...

Кээде түшүп мен торуна санаанын,
Көргөнүмдүн көбүн эске саламын.
Согуш десе, көз алдыма көрүнөт
Ошондогу алаканы баланын...

Ой-пикирлер



2021-06-29
Айгерим
Бул акыныбыздын ыры мага байыркы ата- бабаларыбыздыдын өз балдарынан кантип жоготконун көз алдыма Кино сыяктуу көрсөтүп берди
2021-01-14
Азиза
Эн жакшы жазылган
2020-05-11
Клара
Эн мыкты экен
2020-02-13
Aknur
Макал абдан сонун Туура ойдо жазылган Чон рахмат
2020-01-14
Шумкар
Өтө соонун чыгарма экен