Мидин алыбаев. тянь-шань
Береке! Байлыкка мол Ата Мекен.
Жүрөккө барлыгынан жакын экен. Тияншан!
Деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тияншан кышта жылуу, жайда салкын.
Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,
Ардагың артык мага, Тияншаным!
Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи
Ителги имерилген көк асманың.
Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын,
Кулакка симфония берет дайым.
Бейкутка, берекеге белги болуп,
Термелет тентек желге арча-кайың.
Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,
Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө,
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.
Балбылдап, жылдызыңдан жагылат шам,
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан,
Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар,
Сталин көркүн ачкан кең Тияншан!
Тептегиз телегейиң алга барсын,
Алтын эл беш жылдыкта мөөрөй алсын.
Челекке айран, жуурат батпай ташып,
Шарпылдап сары саамал саба жарсын!
- Асан Жакшылыков. Дүнүйө
- Акбар Рыскулов. Кел, кечигели!
- Аалы Токомбаев. Бир шилтемдер
- Абдрасул Токтомушев. Какшаалдан кат
- Сүйүнбай Эралиев. Каныкейдин көз жашы