Кирүү

Акбар Рыскулов. Кел, кечигели!

"Сен" дебей мени "Сиз" дедиң неге?
"Сиз дечү болсоң издедиң неге?
Секелек кезден "сен" дешип өскөн
Сезимден күдөр үзгөнүң беле?

Калаанын чети, Жөө-жай барабыз.
Бурулсак мындай буудай бар аңыз.
Бурасың мойнуң кылаңгыр карап,
буулуга түшүп, суубай барабыз.

"Сен" дебей мени "Сиз" дедиң неге?
"Сиз" дечү болсоң издедиң неге?..
Кынала баспай, кылаңгыр карап,
кылыктуу мынча кыз-келин неге?

Калаанын чети. Буудай бар аңыз.
Капырай, мынча коомайланабыз.
– Кечиктик,– дейсиң.
– Кел, кечигели!..
"Сен!" дечи мени?!..

Ой-пикирлер