Кирүү

Абдрасул Токтомушев. Какшаалдан кат

Заманы күйүп тарылып,
Өлгүсү, келип жарылып,
Турмуштан кечип Айшакан,
Жашынан өлүм сагынып.
Асылып жаткан жеринен
Эл келип калган жабылып.
Сүйлөштү...ишти чечишти...
Өч алды кыйнап–жетишти...
Айшакан кантсин, боздотуп,
Күч менен алып кетишти.
Теңдигин санай кыздардын,
Ар дайым күйүп сыздадым.
"Кеч кирди"–дешип шаштырып,
Камчылап ылдам бастырып.
Чоткара "күйөө" бараткан,
Шаттанып, ачык каткырып.
"Мөрөйүм алдым"–дегендей,
Ойлобой капа кенедей.
Агыны катуу шар аккан,
Төө өркөч болуп бараткан,
Суу кечти мурун жол баштап,
Чоткара "күйөө"кашка атчан.
Дөгүрсүп жүргөн көбүңкү,
Ал элдин канкор бөрүсү.
Кой берип тизгин, чылбырды,
Айшакан шарга–ыргыды,
Сыдырым соккон коңур жел,
Күүгө салып ыр кылды...
Үзүлгөн гүлдөй жаш сулуу,
Жай тапты толкун аркылуу...
Акканын сууга каныбыз,
Кеткенин кубат алыбыз,
Какшаалдын калың кедейин,
Туугандар эске алыңыз!
Ушундай турмуш шартыбыз,
Аныгын айткан жарчыңыз.
Тууган эл кош. бол! Эсен бол!
Какшаалдык кедей берет кол!
Жан дили менен күтүшөт
Жакындашын алыс жол!
Арылар бир күн дартыбыз!
Жеңиштүү болсун артыбыз!

Кытайдын угуп кабарын,
Билсеңер керек авалын?!
Япондук жырткыч кол салып,
Агызды канын адамдын.
Боштондук сүйгөн көп элдин,
Жок кылмак эркин талабын,
Ким буга чыдап бермекчи?
Баш көтөрдү эмгекчи.
Калың эл чыкты беттешип,
Канкорго каршы кектешип,
Алыскы, ички жоо менен,
Ажалды, бакты чектешип,
Көп кылым муңга баткан эл
Эркиндик күнүн көксөшүп,
Күрөшкө чыкты, күрөшкө,
Жетсе экен күткөн тилекке!
Шаттанып шайыр жүрбөгөн,
Сумсайып ачык күлбөгөн
Кабагын чытып муңканып
Кандары кысып сүйлөгөн,
Кыргыздар эми гүлдөгөн,
Кыздары окуп кат таанып,
Кыргыздар сүйлөйт даңктанып.
Ушинтип уктук чын бекен?
Чын экен кантип мен жетем.

Тамдары кабат салынган,
Шаары бир дешет жаңыдан.
Ачылган күндөй жаркырап,
Электр шамы жагылган,
Кыргыздар кайра төрөлүп,
Кыргыздар бөтөн жаңырган.
Эркектер менен тең болуп,
Ал жакта аял кадырман.
Жайылды бизге бул кабар,
Сүйүнбөй укса ким калар
Асылы чексиз жеринин,
Алтындын кени табылган.
Баатыры көп дейт элинин,
Эмгектен орден тагынган.
Кыргыздар кайра жаралып, .
Октябрь берген таңынан,
Атагы чыгып ааламга,
Ай менен күндөй таанылган.
Ушундай кабар угабыз,
Кубанып көңүл бурабыз.
Акак таш менен салынган,
Тунуке менен жабылган,
Мектеп турат заңгырап,
Багынан атыр жел бурап.
Балдары сонун окуган,
Бир күнү калбай окуудан.
Кыздары бар дейт, эл бийлеп,
Өкмөт болуп олтурган.
Кандай сонун жаңылык,
Гүлдөгөн баары Жаңырып.
Күрөштө баатыр атанган,
Көргөндө дущман жалтанган,
Тиктесе жерге киргизип,
Көздөрү сүрдүү, от жанган.
Комдонуп жаткан жондогу
Арыстан сындуу айбаты.
Алышса чалып ыргыткан,
Илбирстен кыйын кайраты.
Эрдигин аны ким танат?
Кеп кылып бул жак таң калат.
Чериңди жазып шат кылып,
Күлдүрүп колду чаптырып,
Сөзүнөн шекер, бал тамган,
Уккандар сүйүп, жактырып.
Чечендер чыккан эң сонун,
Жаштары кылка бир порум,
Мүнөзү шайыр, шамдагай,
Кыргыздар сонун болгонун,
Кеп кылып бул жак суктанат,
Суктанат көбү, муңканат.
Тоо артынан сөгүлгөн,
Агарып нуру төгүлгөн,
Таң эсимен чыккан жок.
Ат минип жүрсө кайран эл,
Дүңгүрөп кеткен кара жер,
Шаң эсимен чыккан жок.
Сергитип назик көңүлдү,
Кубаттап күлгөн өмүрдү,
Эрке жел соккон кечинде,
Көгүлжүн тартып чалкыган,
Акуулар сүзүп калкыган,
Ысык-Көл дайым эсимде.
Асмандан типтик атылган,
Бытырап жерге чачылган,
Ак бермет мөндүр эсимде.
Кыялай басып суу алган,
Кыналып бели буралган,
Ак келбет келин эсимде.
Кожогат терип ойногон,
Эндикти көрсө койбогон,
Кыздар эстен чыккан жок.
Айланып учуп асмандан,
Аскалуу тоону аңтарган,
Куштар эстен чыккан жок.
Аппак кылып кийизден,
Жайында калпак кийишкен,
Түр эсимен чыккан жок.
Ак чөлмөк оюн баштаган,
Келиндер келип баш таңган,
Түн эсимен чыккан жок.
Атылып чыккан булактан,
Мөлдүгү тунук сымаптан,
Суу эсимен чыккан жок.
Желдеттер менен атышкан,
Бүлүнүп элим качышкан,
Чуу эсимен чыккан жок.
Алпештеп мени өстүргөн,
Бирге туруп, бир жүргөн,
Кадырын элдин сагындым,
Урматгап дайым сыйлаган,
Урматын көрбөй кыйладан,
Кайгырдым, элди сагындым.
Көрсөм деп жерди сагынам,
Сагынам элди баарыдан!
Элеси кетпей эсимден,
Ойлоно берип зарыгам.
Какшаалга таң атса экен!
Өзгөрүп дүйнө жаңыдан!

Баягы кыргыз эзилген,
Көкөйү көксөп кесилген,
Өзүнчө союз болушуп
Гүлдөгөн эми жетилген.
Багынтып кыйын турмушту,
Гүлдөтүп кайра курушту.
Ушинтип уктук алыстан,
Чындыкты билген калыстан.
Бактысыз болуп таалайым,
Өткөрдүм күндүн далайын.
Адамдар гүлдөп жыргаган,
Кайда экен турмуш? Барайын!
Балдарым жолдо жегендей,
Азыгын издеп табайын!
Жалынсам кантем кишиге,
Сурайын азык кичине.
Тияншан тозбос жолумду,
"Көтөр" –деп, өйдө колуңду!
Сураса менден айтармын,
Бараткан максат, оюмду,
Өзү да билер, текшерер?
Кошулар көрүп боюмду!
Жашырбай айтып сырымды,
Жаттатсам жаңы ырымды.
Сурасам жолду асылып,
Тияншан койбос жашырып!
Элиме катты жиберсем,
Ак карлуу тоодон ашырып.
"Аманат" деп, бек жазсам,
Айрылбас жолдо ачылып.
Чек ара калбас токтотуп,
Башкага катты окшотуп.
Кыргыздын жетип чегине,
Барса экен катым жериме,
Жоголбой, сөзү коробой,
Тийсе экен тууган элиме!
Катыман окуп билишсин,
Турмушту кытай жерине.
Алыска кетип көңүлүм,
Жыргалын ойлойт өмүрдүн.
Кат келсе тууган элимен,
"Катыңды алдык" делинген.
Сүйүнгөндөн буркурап,
Басылар белем деги мен...
Сүрөтчү болуп түшүрсө,
Ошентип турган жеримен!
Келсечи күнүм самаган!
Көп кечикпей арадан!
Бу көргөн кордук аз бекен?
Эркиндик таңы атса экен!
Алкымдан алып аткыган
Эскинин күнү батса экен!
Эзилдик, эми жетишет,
Атса экен таң! Атса экен!
Орундап күткөн тилегим!
Онйосо экен жүрөгүм!
Жайкалып чөбү тушардан,
Жайылып малы жуушаган,
Жер эсимден чыккан жок.
Жибектей жумшак созулган,
Жытына жыпар кошулган,
Жел эсимен чыккан жок.
Карагай каптап коктусун,
Ак мөңгү баскан чокусун,
Тоо эсимен чыккан жок.
Аркары кароол караган,
Бүркүтү шаңшып таранган,
Зоо эсимен чыккан жок.

Ой-пикирлер