Кирүү

Акбар Рыскулов. Биринчи торкашка

Менин атам "актип" аталып,
бир айылдын чоңу–"биргадир",
Башкармадан менчик ат алып,
чабагандайт ойго, кырга бир.

Чабагандайт дейсиң чарк уруп,
куйрук улай коюу чаң калат.
Аброю толкуп, артылып,
ай-асманды челет чамгарак.

Алчактаган аттын туягы
жерди жарып өтөт дүпүлдөп.
Атам минген аттын кыялы
атамкындай
окшойт күпүлдөп.

Чаалыкканды билбес, кенебес,
ал бир оен, оен ат эле.
Торкашканын сыры
мен эмес,
"ырайонго бүтүн жат" эле.

Ооздукту кое бергенде,
атылат-ов тоонун кушунча.
Анын буту жеткен жерлерде
дүрт деп өсчү буудай, кызылча.

Дагынкысы далай,
дагы бар,
бүткөрүштү канча жумушту.
"Канча жылкы, канча жаныбар
тикесинен тике турушту
калкоз үчүн"!

Ой-пикирлер