Байтемир Асаналиев. Жаш багбан
Жазда тиккен жаш көчөт
Жакшы бакса жакшы өсөт.
Тамырлары ным тилээр,
Маалы менен суу жибер.
Көңүл буруп дайыма,
Курт түшүрбөй дарыла.
Күн нуруна эркелеп,
Ылдам өсөт энтелеп.
Мөмөсү арбын түйүлөт,
Бутак-шагы ийилет.
Мөмө-жемиш көп болот,
Көргөн кезде көз тоет.
- Жолон Мамытов. Талант
- Алыкул Осмонов. Шота Руставелиге
- Күзгү жалбырактар
- Барпы Алыкулов. Карай көз
- Рамис Рыскулов. Генийдин табияты
Ой-пикирлер