Кирүү

"Кожожаш" Эпосунан үзүндүлөр

Сур эчкинин Кожожашты каргаганы

Карапайым эмесмин,
Кайберенмин аныкмын.
Айтканмын укпай жүрчү элең,
Эми мерген кандайсың,
Сага мен энелигим тааныттым
Тилекти берсе жараткан,
Кайрылып жүзүн көрбөссүң,
Аз гана кытай калкыңын.
Бербейсиңби мергенди,
Уругум таза тергенди.
Каргадайдан карышып,
Картайганча кутулбай,
Карып жаным сенделди.
Далайдан бери Кожожаш,
Тартпадың менден чеңгелди.
Таалайыңа куп кылсын,
Ушу турган жерлерди,
Кайрылып жүзүн көрбөгүн,
Кайгырган кытай элдерди.
Мерген болбой куруп кал,
Аскадан түшпөй туруп кал!
Чөп саргайып күз болсун,
Таманың алды түз болсун,
Туруп кал мерген аскада
Тууганга кыйын иш болсун.
Кайрыла турган жагыңа,
Карагай чыксын бутактап,
Калгын мерген аскада,
Кара ташты кучактап.
Толгоно турган жагыңа,
Долоно чыксын бутактап,
Тосулсун жаның аскада,
Бозоргон ташты кучактап.
Чын кайберен мен болсом,
Карышкан мерген сен болсоң...
Каргап жатат Сур эчки,
Карышып жүргөн мергенди.
"Кабарын билип кытайдан,
Калкың көчүп келгенде,
Тегерек сага конгондо,
Аз гана кытай тууганың,
Алдыңкы сазга толгондо.
Элден уста жыйганда,
Карагай кыркып кыйганда,
Түшүрүп мерген алмакка,
Аракетти кылганда,
Шатың сынып кыйрасын,
Атаң менен энеңиз,
Көзүнөн жашын тыйбасын.
Каалап алган Зулайка,
Кайгырып боздоп ыйласын.
Ар бир кылган ишиңе
Эч бир даба кылбасын.
Аскада туруп саргайып,
Арманда өлсүн бир башың.
Андан айла таба албай,
Аркан жайып чогултуп,
Үстүңдөн аркан салганда,
Караңды көрсүн түшө албай,
Кайгырган мерген арманда.
Аркан салса жетпесин,
Кожожаш качан өлөт деп,
Жору айланып кетпесин.
Менден эмес кудайдан,
Кара үңкүрдө жатканда,
Калтырбай аттың сен бирөөн,
Карыганча мен сенин,
Кайгыңды тартып жүдөдүм.
Турган жериң зоо болсун,
Карга, кузгун чогулуп,
"Качан өлөт мерген" деп.
Кадимкидей жоо болсун.
Акыры мага асылып,
Аска таш болду конушуң.
Каалап алган Зулайка,
Караны кийип ыйласын,
Сөөгүң ташка куурасын.
Элиң көчүп келгенде,
Эч бир айла кылбасын.
Акыры жадап тууганың
Боюңду ташта мерген деп,
Агайының чуулдасын.
Жерге түшпөй асылып,
Аскада калсын бир башың.
Каршыңда кызыл күңгөйдө,
Каалап алган Зулайка,
Караны башка салынсын.
Мен кантем деп ыйласын.
Алдымбы мерген кегимди,
Алып келсин башыңа,
Ажал-кыйноо өлүмдү.
Бир кезекте сен мени,
Сурасам бербей куураттың.
Алабаш теке теңимди.
Кайыр кош, мерген, эсен бол,
Кайгы тартып кесел бол,
Мен айтып болдум кебимди".

Ой-пикирлер