Байтемир Асаналиев. Гүл кыстарат
Жардам берип апама,
Суу апкелем чакама.
"Күмүшүм!" деп сый кылып,
Гүл кыстарат жакама.
Көп күн мурда телчиген,
Көк козумду ээрчитем.
Ал тургансыйт жалооруп:
–Айгүл эже, берчи жем?
Чуркап алат аркаман,
Чөптүү жерге алпарам.
Эч билбейбиз экөөбүз,
Эмне экенин чарчаган.
Эжем, байкем кубанып,
– Эс алгын,–дейт суранып.
Чоң энем да өтүнөт:
–Бир тук этип, туралык.
–
Жардам берип апама,
Суу апкелем чакама. „
"Күмүшүм!" деп сый кылып,
Гүл кыстарат жакама.
- Токтогул Сатылганов. Айланган тоонун бүркүтү
- Сүйөркул Тургунбаев. Күндүн көзү
- Сүйүнбай Эралиев. Зонадан көчүргөндө
- Мидин Алыбаев. Ала-тоого
- Алдей, алдей ак бөбөк эй
Ой-пикирлер