Кирүү

Табылды Муканов. Өмүр Сапары

Адам жашап бүтпөгөн
Өмүр жатат алдыда,
Нурга жууруп жаштыкты,
Шыркыраган Күн менен
бирге чыккам чалгынга.
Балким ажал тытылган
кара туусун булгалап
жылдыздарды өчүргөнү жаткандыр.
Сезимдерди гүлдөтүп,
Жылдыз, жылдыз–
Көзгө жааган ак жамгыр!..
Аалам–адам чаңкаган
океаны өмүрдүн,
Анын ширин толкунуна чөмүлдүм.
Жаш жүрөгүм–алтын кайык
Күн отурган түнгө сүртүп жарыгын.
Барик байлап мен өстүргөн кыялдар,
Жылдыздарга жайылууда тамырым!
Жалт беремин ажалдын
суук чилдесин
көктөп турган көңүлүмө түшүрбөй.
Канды демеп толтого,
А, күн нуру энекемин сүтүндөй
агып турат диркиреп...
А жер неге ичиркенип силкинет?
Атом?.. Бомба?..
Сезимдерден чарт дей түшкөн чагылган.
Жерди аяп кетемин.
Кана жыттап көөдөнүнөн,
Жөлөк тутуп ашууларын ак кардуу,
Сапар чеккем,
Элесимди калтырып,
солубаган булагына жаш даамдуу...
...Өмүрүмдү Ай, Чолпонго ыргыткам,
Жерде калып: мен жалооруп...
Жылдыз учкан мүнөттөр...
О, күн нуру–улуу жол.
түнт ааламдын элегинен түз өткүр!
Азыр мени тартып барат өзүнө
О не деген планета–
О не деген жүрөктөр!!!

Ой-пикирлер