Кирүү

Токтосун Самудинов. Ыр-сөздүк

КУРТКА

КУРТКА деген айыл бар,
Бул сөз кайдан жаралды?
Же болбосо качандыр
Жашап өткөн адамбы?
Көрсө, айтышат турбайбы
Жапыс өскөн бадалды.

Бир жолу өтүп баратып
Коен көрдүк курткадан.
Жаныбарлар көп экен
Ушул жерде кыштаган.
Чынымды айтсам, кээсинин
Атын башта укпагам.

АЛПЕЙИМ

Басмырт болсо мүнөзү,
Андай адам ким өзү?
Бул сөз эмес анчейин,
Дешет аны: АЛПЕЙИМ.
Менин мындай агам бар,
Сыйлайт билген адамдар.
Жардамы көп карганга,
Ынак ага балдар да.
Ажарланган жүзүнөн
Ак көңүлүн түшүнөм.
Бир да жолу укпадым
Үнү катуу чыкканын.

СУПСУН

Көйнөк-кече жуугаддан
Калган сууну СУПСУН дейт.
Анын өңүн агартпай
Шашма балдар "бүттүм" дейт.
Кир чыкпаса кийимден
Түсү өчөөрүн түк билбейт.

КӨ3ҮЛДҮРҮК, САРАПЧЫ

"Алкагы бар алтындан
КӨЗҮЛДҮРҮК тартынган".
Көрсө, бул сөз турбайбы
Көз айнек деп айтылган.

Жаңы жааган жаш кардан
Көз кардыгып, жаш алчу.
Көзүлдүрүк ал кезде
Кылдан тордоп жасалчу.
Көзгө тартчу бул буюм–
САРАПЧЫ деп аталчу.

КЕЛТЕЧЕ

Жер казганга кантсе да
Жеңсиз күрмө ыңгайлуу.
Аны кемпир-кесектер
КЕЛТЕЧЕ дейт турбайбы.

Куруучуга – комбинезон,
А койчуга – тон чыгар...
Келтечени бу күндө
Көп кийишет жолчулар.

ЖИПКИЛЕН

Кеч байкалбай киргендей
Кетет мезгил алмашып.
Чыккан чөптү кылтыйып
Калат эми кар басып.
ЖИПКИЛЕН дейт эл аны,
Жазда, күздө малга азык.

КАРСКАН

Жасаш үчүн бочкеге
Темир кырчоо – КАРСКАНДЫ
Соктум далай чоюлуп,
Сом балканы – барсканды.

Карскан мыктап кыспаса,
Карагайдын адаты–
Күн нурунан кагжырап,
Биригишпейт арасы.

БУРЧАК

– Эмнеликтен аркандын
Ар жеринде илмек жип?–
Деп сурады бир бала,
Болот дечи билбестик.
Козуларды байлачу
Бул – БУРЧАК деп үйрөттүк.

ЖУУШАНДЫ

Тогуз торпок жоголуп,
Түп көтөрдүк айылды.
Бул аймакта калбады
Буудай аңыз, чабынды...
Мал тоюнуп жатчу жер–
ЖУУШАНДЫДАН табылды.

Ой-пикирлер